Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВ – КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ

АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВ – КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ
26 Янв 2024

2024-жылдын 26-январында КР А.Осмонов атындагы  Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Абдыкадыр Орозбековдун 135 жылдыгына арналган Абдыкадыр Орозбековдун китеп   көргөзмөсү  уюштурулду. Көргөзмөгө А.Орозбековдун ишмердүүлүгүнө арналган тарыхый китептер жана макалалар жайгаштырылды. Абдыкадыр Орозбеков кыргызстандын совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери,  кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири. Абдыкадыр Орозбеков азыркы Кыргызстанга караштуу Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында 1889-жылы жарык дуйнөгө келген.  1907-1916-жылы  наабайчыга жалданып иштеген. Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан.Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, атуулдук  согуш мезгилинде катардагы жоокердне отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн. 1920-1923-ж айылдын,болуштун,райондун революциячыл комитеттерин башкарган.  1924-1925-ж Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон.Тоолуу Кара Кыргыз областынын жумушчу,дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз областтык АКнын (Аткаруу Комитетинин) төрагалыгына шайланган. 1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автоном облусунун Төрагалыгына депутаттар тарабынан шайланган. 1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган. Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан    шайланган. Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айыны чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы, азыркыча айтканда Президенти болуп абийирдүүлүк менен иштеген. Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы май айында аттырылган. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө түн жамына башка Кыргыз интеллигенциясы (Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов) менен кошо коюлган. 1956-жылы Абдыкадыр Орозбековдун ысымы толук реабилитацияланган.