Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Абдыкадыр Орозбеков

21 Янв 2014
2014-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө кыргыздын белгилүү мамлекеттик, саясий, коомдук ишмери Абдыкадыр Орозбековдун туулган күнүнүн 125 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Кыргыз мамлекетин түзүүгө өзүнүн күч кубатын арнап, бүгүнкү эгемендүүлүктүн пайдубалын түптөгөн мамлекеттик, саясий ишмер, кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү, тарыхый инсан А.Орозбеков XX-кылымдагы кыргыз элинин тарыхындагы эң чоң саясий окуя, 1916-жылдагы көтөрүлүштү колдоп, падыша өкмөтүнүн саясатына каршы уюштурулган ар кандай саясий акцияларга активдүү салымын кошкон.
1918-жылы 6-августта жергиликтүү жумушчулардын арасынан ал биринчилерден болуп большевиктер партиясына кабыл алынып репрессияга кабылганча (1937-ж. 15-сент.) партиянын активдүү мүчөсү болгон.
Кыргызстандын саясий лидери, Совет бийлиги үчүн эң активдүү күрөшкөн мекенчил инсан (1925-ж. 31-март) областтык Аткаруу комитетинин пленумунда Облусттук Аткаруу комитетинин Президиумунун төрагалыгына бекитилип, ошол эле съездде аны Бүткүл россиялык Советтердин съездине делегаттыкка шайлап, кийин СССР БАКтын, Союздук Советтин жана Бюджеттик комиссиянын мүчөлүгүнө да шайланган. А. Орозбеков жогорку кызматта он жыл иштеген. Өлкөдөгү жер-суу реформасын ишке ашырууга (1927-1928–жж.) жаштардын, жетим балдардын келечегин ойлоп интернаттарды, балдар үйлөрүн курууну жолго койгон.
А Орозбековдун эмгеги жогору бааланып, Кыргызстандын түштүк жергесин басмачылардан бошотуудагы эрдиктери үчүн 1923-жылы 8-октябрда атайын курал менен сыйланган. 1924-жылы революциянын жети жылдыгында Алтын төш белгиси ыйгарылган. Түркстан Республикасы анын ысымы жазылган аскердик куралды тартуулаган. Ардактуу чек арачы, Ардактуу Кызыл Аскер деген наамдар ыйгарылган.
1932-жылы январь айында Кыргыз АССРинин саясий, чарбалык жана маданий курулуштагы көп жылдык, революциялык ишмердиги үчүн Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин грамотасы жана күжүрмөн куралы “Маузер” менен сыйланган. Ошол эле жылы март айында басмачыларды талкалоого активдүү катышкандыгы үчүн Өзбек ССР БАКтын чечими менен Өзбек ССРинин Эмгек Кызыл Туу орденине татыктуу болгон.
1937-жылы 5-сентябрда ага жок жерден жалган жалаа жабылып репрессияга туш болгон. НКВДнын түрмөсүндө камалып, абак кыйноосун башынан өткөргөн. Ал 1938-жылы атууга кеткен.
1956-жылы акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген. Ысымы Кадамжайдагы Охна айылына, Бишкектин бир көчөсүнө берилген. Эстелиги калаага, туулган жерине орнотулган. Басып өткөн жолу мекенди, элди, жерди сүйүүгө, жаштарды, ар бир атуулду патриотукка тарбиялоонун академиясы катары келечек муундарга үлгү болууга тийиш.
Китеп көргөзмөсүнө ал жөнүндө китептер, газеталык макалалар жайгаштырылган.