Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Абдыкадыр Садыковдун 90 жылдыгына арналган, окумуштуу, устат жана педагог Абдыкадыр Садыков 90 жашта аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.

Абдыкадыр Садыковдун 90 жылдыгына арналган, окумуштуу, устат жана педагог Абдыкадыр Садыков 90 жашта аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.
26 Окт 2023
2023- жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө кыргыз адабият таануу тармагында ата — мекендик илимий мектептин негиздөөчүсү Абдыкадыр Садыковдун 90 жылдыгына арналган, окумуштуу, устат жана педагог Абдыкадыр Садыков 90 жашта аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.
Абдыкадыр Садыков Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында 1933-жылы 25-октябрда жарык дүйнөгө келген. 1953-жылы КМУну аяктап, 1980-жылы илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун директорлугуна дайындалган. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, 2004- жылы Кыргыз Республикасынын Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
Илимий — методикалык эмгектеринин жалпы саны- 360, анын ичинен 80 и өзүнчө басылып чыккан китептер, окуу куралдары, макалалар жыйнагынын автору.
Көргөзмөнү көрүп кетүүгө Улуттук китепкана окурмандарын чакырат.