Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Абрамзон Саул Матвеевич

06 Июл 2015

А. Осмонов атындагы  Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2015-жылдын 6-июлунда окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, этнограф Саул Матвеевич Абрамзондун туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү коюлат.
       
 Бүткүл илимий чыгармачылык өмүрүн кыргыз этнографиясын изилдөөгө арнаган белгилүү советтик  окумуштуу, түрколог, этнограф Абрамзон Саул Матвеевич (1905-1977) Орлов губерниясынын Дмитровск шаарында туулган.

Мектепти бүтүп, Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетинин этнография бөлүмүнө кирип окуп, 1926-жылы аны ийгиликтүү аяктаган. 1926-31-жылдары Кыргзстанда эмгектенип, аймактаануу музейинин директору, мекентаануу илимий- изилдөө институтунун директорунун орунбасары, Эл  агартуу комиссариятына караштуу  Маданий курулуш илим- изилдөө институтунун директору болуп иштеген. 1931-жылдан СССР ИАнын Этнография институтунуи Ленинграддагы  бөлүмүнүн улук илимий кызматкери , сектор башчысы кызматтарын аткарган. 1946-47 жана 1953-55-жылдарында Кырызстанда этнографиялык экспедицияларды уюштуруп, кыргыздардын  тарыхын, маданиятын, үрп- адатын ошондой эле Манас эпосун изилдеп, эпостун этнографиялык булак катары баалуулугун белгилеп кеткен.
    100дөн ашык илимий эмгектерди жараткан. Анын көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы “Кыргыз элинин маданиятынын очерки” (1946),  “Түндүк  Кыргызстандагы кыргыздардын этностук курамы”(1960), “Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары”(1971), “Баатырдык “Манас” эпосу кыргыз маданиятынын эстелиги”, “Кыргыздын “Манас” эпосундагы этнографиялык сюжеттер”, “Кыргыздын баатырдык “Манас” эпосу- этнографиялык булак”, “Кыргыздардын аскерий уюштурулушуна жана техникасына мүнөздөмө”, “Кыргыздардын уул асырап алуу салты” сыяктуу бир топ макалаларды жазган. 
      Абрамзон дайыма “кыргыз эли өзүнүн көп кылымдык тарыхында бай жана көп кырдуу маданиятты жараткан. Ал өзүнүн рухий сулуулугун, жогорку эстетикалык табитин бай оозеки чыгармасында кайталангыс жана байыртадан келе жаткан колдонмо өнөрүндө чагылдырган” – деп айткан.  
      Окумуштуу этнограф жарым кылымдан ашык өмүрүн кыргыз этнографиясын изилдөөгө арнап, кыргыз мамлекетинин маданиятын көтөрүүгө ак дилинен катышкан.
      С.М. Абрамзон кыргыз этнографиясына ири салым кошкон чоң аалым, принципиалдуу инсан, ак ниет адис, жаш окумуштуулардын насатчысы болгон.
        Ардак белгиси ордени, медалдар менен сыйланган.

                          Дареги: Бишкек ш. Ж. Абдырахман көч. 208                         
    КР Улуттук китепканасы  сейрек кездешүүчү      
                                                                  жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү  № 57 каб.