2024-жылдын 10 декабрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмү Айтматов залында Адабият күнүнө “Адабияттын соолубас дарагы” аттуу Ч.Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү.
Бул иш-чарага акын, жазуучулар, Мөңгү фондусунун Президенти Рүстөм Кабылбеков, кыргыздын белгилүү акыны, котормочу, Айтматов изилдөөчү Жумадин Кадыров, жазуучу Жумабек Токтогазиев, Кыргыз эл акыны Жедигер Саалаев, Жазуучулар Союзунун мүчөлөрү жазуучу, прозаик Абдыш кызы Сагынбүбү, акын Молдалиева Махабат кызыктуу маек куруп беришти. Жазуучулар Союзунун мүчөсү акын Күлсүнбүбү Соорбекова Ч.Айтматовго арнаган ырларын окуп берди. Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз Авиациялык институтунун кыргыз жана адабияты мугалими, “Манас таануу” ийриминин жетекчиси Аскарова Назгул жана институттун чыгармачылыкка шыктуу студенттери келип катышышты.
Эскерүү кеченин ачылышында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын ”Кыргыз китеби” бөлүмүнүн башчысы Токтобекова Г.Д., залкар жазуучу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө баяндама жасады.
Иш-чарада Кыргыз Авиациялык институтунун студенттери Чыңгыз Айтматов жана Улуу Манасчы ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаев менен кездешкен учурун өтө ийкемдүү, чыгармачылык шык-жөндөм менен аткарып беришти.
Ошондой эле Ч.Айтматовго арналган китеп-көргөзмө уюштурулду. Китеп көргөзмөгө Ч.Айтматовдун кыргызча, орусча 10 томдук жана үч томдук энциклопедиясы, Улуттук китепкананын Айтматов ааламы аттуу библиографиялык көрсөткүчтөр, макалалар коюлду. Мындан тышкары Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданий борбор залында туруктуу көргөзмө бар.