2024-жылдын 12-декабрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын «А. Осмонов музейи» жана Юридикалык адабият бөлүмү Айтматов залында Адабият күнүнө “Ыр сабындагы өмүр” аттуу Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси болуп өттү. Иш чараны Улуттук китепкананын директорунун орун басары Анара Шакирова ачты.
Иш-чарага акын, жузуучулар, “Мөңгү” фондунун Президенти Үрүстөм Кабылбеков, Маданият таануу илиминин кандидаты, жазуучу, Алыкул изилдөөчү Шаршенбай Ажыбеков, Маданияттын мыкты кызматкери, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кайрыктар казынасы коомдук уюмунун, Чүй кайрыктарынын мүчөсү Өктөм Мамаева, Алыкул таануучу, журналист жана коомдук ишмер, Эл аралык коомдук Ч. Айтматов академиясынын академиги Венгр маданият министрлигинин “Мажарстан маданияты үчүн” медалынын ээси, Алыкул Осмонов музейинин жеткечиси Памирбек Казыбаев, Алыкул таануучу, А. Осмонов сыйлыгынын лауреаты Жекшен Турусбеков, КР Эл акыны Сагын Акматбекова, акын Бүбүайша Арстанбекова, Нурбек Турсуналиев Ж.Баласагын атындагы юридикалык колледждин директорунун орун басары. КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Алтын калем” дипломунун ээси акын Күлсүмбүбү Соорбекова, Кара-Суу кайрыктары мүчөсү Абдувахаб кызы Айпери, Алыкул Осмсоновдун жээни Нестан Дарежан, КР эмгек сиңирген мугалим Айна Осмонова, акын Кундузбү Маматова, юридикалык адабият бөлүм башчысы Кенже Даут Алыкулдун ырларынан окуп сөз сүйлөштү. Чүй Университетинин жана Кыргыз Улуттук Ж. Баласагын атындагы юридикалык колледждин мугалимдери, студенттери катышышты ошондой эле “Алыкулдун кыздары” тобунунун ырларынын коштосуу менен жыйынтыкталды.
КР А.Осмонов атындыгы Улуттук китепкананын жана А.Осмонов музейинин кызматкерлеринин атынан, келген конокторго ыраазычылык билдирди.