Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Адабияттын алпы – Айтматов»

«Адабияттын алпы – Айтматов»
10 Дек 2025

2025- жылдын 10-декабрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында 12-декабрь – Адабият күнүнө карата жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган «Адабияттын алпы – Айтматов» аттуу адабий иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын максаты – жазуучунун дүйнөлүк адабияттагы ордун белгилеп, анын чыгармачылыгындагы өзгөчөлүк менен руханий баалуулуктарды окурмандарга таанытуу.

Айтматов ааламы жөнүндө канча айтылса да, бүгүнкү иш-чарада акын-жазуучулар, белгилүү коомдук ишмерлер жазуучунун өмүр баянына, чыгармаларындагы штрихтерге дагы бир жолу токтолуп, ой бөлүшүштү.

Соңунда жаш окурмандар даярдап келген жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлүп, монолог окулду.