Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АДАБИЯТТЫН СООЛУБАС ДАРАГЫ — 95 ЖАШТА.

АДАБИЯТТЫН СООЛУБАС ДАРАГЫ — 95 ЖАШТА.
07 Дек 2023
2023-жылы 7-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын, эскерүү күнүнө арналган Адабияттын соолубас дарагы — 95 жашта аттуу адабий иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын “Кыргыз китеби” бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага акын, жазуучулар,Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, маданиятка эмгек сиңирген ишмери акын К. Кадыракунов, кыргыздын белгилүү акыны К. Көкулов, Кыргыз Улуттук илимдер Академиясынын филология илимдеринин доктору, башкы илимий кызматкер А.Кадырмамбетова, ага илимий кызматкер А. Тургунбаева жана акын-драматург М. Абылова катышышты. Ж. Баласагын атындагы Улуттук Университетинин алдындагы Педагогикалык колледжинин 1-3- курсунун жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз Авиациалык Институтунун мугалимдери менен чыгармачылыкка шыктуу студенттер катышышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча даярдалган чакан, кызыктуу сценарийлерди өтө ийкемдүү, чыгармачылык шык-жөндөм менен аткаруусунда коштолду.