Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Адам эмгеги менен данктуу

24 Сен 2013
18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүнүн залында Социалисттик Эмгектин Баатырларына арналган «Адам эмгеги менен данктуу» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Өткөн 2012-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев “2013-жылды Кыргыз Республикасында Иштерман жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.
Коомдо эмгек адамынын беделин жана анын жаратмандык ролун жогорулатуу үчүн өлкөбүздө жаратмандык эмгекти, жумушчу кесиптерди, кесиптик чеберчиликти популярдаштыруу, эмгектин ардагерлерин ардактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Кыргыз эли советтик мезгилде өзүнүн тең укуктуу мамлекетине ээ болду. Кыргызстан жогорку өнүккөн өнөр жайы, ири көп тармактуу механикалаштырган айыл-чарбасы бар, илим жана маданият өнүккөн гүлдөгөн республикага айланды. Өнөр жайды, айыл-чарбасын жана маданиятты өнүктүрүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргызстан эки жолу Ленин ордени менен сыйланган.
Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандын элинин кайратман уулдары менен кыздары фронтто салгылашып, оорукта эмгектик каармандыктарын көрсөтүшүп, жеңишти ылдамдатыш үчүн баардыгын жасашкан.
Өтөгөн зор эмгеги үчүн өнөр жайдын жана айыл чарбанын кызматкерлери (200дөй адам) Ленин ордени менен сыйланышып, аларга «Орок жана Балка», алтын медалын тапшыруу менен Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наам ыйгарылган. З.Кайназарова, А.Анаров, Х.Таширов «Социалисттик Эмгектин Баатыры» наамын экинчи жолу алышкан. 27 миңден ашык адам ордендер жана медалдары менен сыйланган, 1350 адам Ленин ордени менен, 42 миң адам Ардак Грамоталар менен сыйланган.
Кыргызстандын Өкмөтү эмгекчилердин маселелерине олуттуу көңүл бөлөт. Эмгектик мамиле жагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө, эмгектин жаратмандык ролун популярдаштырууга, эмгектин коопсуздугун жана корголушун камсыздоого, эмгек жана иш менен камсыз болуу маселелери боюнча социалдык өнөктүктү өнүктүрүүгө багытталган бир топ иш-чаралар жүргүзүлдү.
Көргөзмөгө Социалисттик Эмгектин Баатырлары жөнүндөгү китептер, макалалар, сүрөттөр, баатырдык тууралуу публицистикалык материалдар коюлду. Көргөзмө менен окурмандар Сейрек кездешүүчү бөлүмдөн тааныша алышат.