Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Адамга эң кыйын – күн сайын адам болуу” аттуу Ч.Айтмотовдун 95 жылдыгына карата иш-чара өттү.

“Адамга эң кыйын – күн сайын адам болуу” аттуу Ч.Айтмотовдун 95 жылдыгына карата иш-чара өттү.
16 Ноя 2023
2023-жылдын 16-ноябрда А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын “Юридикалык адабият бөлүмү” жана “Чүй кайрыктары” — адабий уюму менен биргеликте “Адамга эң кыйын – күн сайын адам болуу” аттуу Ч.Айтмотовдун 95 жылдыгына карата иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынынжана Кыргыз тил коомунун РФ Москвадагы өкүлү, РФ жазуучулар жана КР жазуучулар союзунун мүчөсү, КР саламаттык сактоо жана маданияттын мыкты кызматкери, Кайрыктар казынасынын негиздөөчүсү Бапанов Бакыт Шериевич. КР Кыргыз тил коомунун төрагасы Раимжан Курманов, акын-жазуучу, публист, журналист Жумагулов Болот, КР жазуучулар союзунун мүчөсү Шералиев Жыргалбек , “Чүй кайрыктары” адабий уюмдун өкүлдөрү Абдылдаева Гүлнара, Жаңыбаева Гүлгакы, Осмоналиев Жумалы, Даут Кенже жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык колледжинин мугалими Султанбаева Айсулуу Медетбековна жана студенттердин катышуусунда болуп өттү.
Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларына кеңири токтолуп, акындардын жазган ыр-саптары, студенттер тарабынан даярдалган монологдор айтылып, аткаруучу, композитор Анарбек Сардарбековдун ырлары менен жыйынтыкталды.