Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АЙБЕК КАРЫМОВДУН “КАГАНАТ” КҮҮСҮНҮН БЕТ АЧАРЫ.

АЙБЕК КАРЫМОВДУН “КАГАНАТ” КҮҮСҮНҮН БЕТ АЧАРЫ.
01 Ноя 2023
2023-жылдын 31-октябрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу Айбек Карымовдун «КАГАНАТ» күүсүнүн бет ачар аземин болуп өттү.
Айбек Карымовдун “Каганат” күүсү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп, өнүккөн жолун, каарман кыргыз элинин кажыбас күрөштөрүн, өз элинин келечек тагдыры үчүн өмүрүн арнаган чыгаан, эр жүрөк баатырларын даңазалайт. КАГАНАТ Күүсү «Акак» комузчулар ансамблинин аткаруусунда жаңырды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери жана ырчынын күйөрмандарынын катышуусунда болуп өттү.