Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Айтматов ааламы” кйргйзмйсЇ жана адабий кече

15 Дек 2016
2016-жылдын 12-декабрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов атындагы адабият борборунда ХХ кылымдын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук адабият күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана
“…Ата журт, мекениңдин жүгүн арткан
Арнаган ар чыгармаң бүтпөс дастан…” аттуу адабий кечеси өткөрүлдү.
12-декабрь күнү А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана кызматкерлери
Адабий кечеге акын-жазуучулар, ЖОЖдордун студенттери, “Кыздарай” адабий чыгармачылык бирикмесинин акындары, китепкана кызматкерлери, поэзия сүйүүчүлөр катышышты.
Улуттук китепкана Кыргыз эл жазуучусу К. Ашымбаев, Кыргыз эл акыны, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Г. Момунова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Н. Жаркынбаевдер сөз сүйлөштү.
Улуттук китепкана директорунун илим боюнча орун басары Р.Буларкиев иш-чараны кириш сөз менен ачты. ХХ кылымдын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук адабият күнүнө карата жалпы кыргыз адабияты тууралуу өзүнүн ой-пикирин айтып, ошону менен катар улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысмы бардык Кыргызстандыктарда улуттук сыймыктанууну жана аздектөөнү жаратып, себеби анын улуу таланты Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытып, кыргыз элинин жашоо-турмушун жана бай тарыхын ачып көрсөттү. Жазуучу өзүнүн сөзү, акылы, таң каларлык таланты жана даңазалуу өмүр жолу менен кылымдын руханий феномени, адамзат менен адамдын акыл-эсинин гармониясынын туу чокусу болуп эсептелет деп сөзүн аяктады.
Айтматовдун прозасынын адабий дүйнөсү — бул өлбөс-өчпөс, нукура элдик мүнөздөрдүн жана образдардын, көкөй кескен турмуштук кырдаалдардын, турмуштун кенен жана таң каларлык урунттуу учурларынын дүйнөсү.
Калкамбай Ашымбаев адабият тармагына токтолуп, жаштарга кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын көп окуп, билимин кеңейтип, ушундай иш чараларга активдүү катышып турушун каалады. Билимдүү адам кайда болбосун алдыда жүрөрүн айтты.
Н. Жаркынбаев “Жамийла” аттуу ырын, Г.Момунова Ч.Айтматов жөнүндөгү ырын окуп беришти.
“Кыздарай” адабий бирикмесинин акындары А. Байчукуева “Чыңгыз кыргыз баяны”, С.Айдарова, А.Сарыгулова, З.Мамытова, К.Алимбекова, М.Темирова, М.Бечелова, ЖОЖдун студенттери Ч. Суранов, А.Осмоновдун “Музыка”, А.Шаршенбаева “Ата журт” , Азат кызы Гульнура “Кыргыз тоолору” ,С.Асаналиева Ч. Айтматовдун чыгармасынан үзүндү, Дуулат кызы Суусар “ Майсалбектин каты”, Абыканов Изат А.Осмоновдун ырларынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш акындары Алмазбек кызы Шарипа, Жыргалбек кызы Алина А.Осмоновдун “Биздин кайык”, Карыпбеков Адилет “Тилим менен улукмун”, Чыңгыз Канатов “Айтматов элесине” аттуу ырлардан көркөм чеберчиликте окуп беришти.
“Аванти” бий группасы кыргыз бийлеринен аткарып беришти. Адабий кече катышуучулар тарабына кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.