Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АК БУЛУТТАР ТҮНӨГӨН ЧОКУЛАРЫҢ, МЕН ТООЛУКТУН КЫЗЫМЫН ” АТТУ КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ

АК БУЛУТТАР ТҮНӨГӨН ЧОКУЛАРЫҢ, МЕН ТООЛУКТУН КЫЗЫМЫН ” АТТУ КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ
18 Июн 2024

2024-жылдын 18– июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө акын Жумакан Тынымсеитованын 95 жылдыгына карата ”Ак булуттар түнөгөн чокуларың, мен тоолуктун кызымын ” атту китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Жумакан Тынымсейитова 1929-жылы ноябрда Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүндө (Эчки Башы кыштагында) туулган.
Согуш жылдарынын алгачкы учурунда мектепте окуп, 1943-жылы өз кыштагындагы жети жылдык мектепти аяктаган.
1943-45-жылдары Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайда таалим алган.
1945-жылдан тартып Он-Арча жана Кум-Бел айылдык китепакналарында китепканачы болуп иштеген.
1950-52-жылдары жанаандан соң 1955-60-жылдары Нарын шаарында Тянь-Шань облустук (азыркы Нарын облустук) үналгы берүүсүндө диктор болуп эмгектенген.
Ал эми 1952-55-жылдары жана андан соң 1960-63-жылдары “Тянь-Шань правдасы” облустук гезитинде жана “Жеңиш” райондук гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген.
1963-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Нарын шаарында балдар бакчасынын башчысы болуп иштеген.
1975-жылы 29-июлда узакка созулган оорунун айынан каза болгон. Сөөгү Нарын шаарындагы мусулмандар көрүстөнүндө коюлган.
Жумакан Тынымсейитованын кыргызча 9 ыр жыйнагы, “Акыркы жолугушуу” деген пьесасы жарыяланган.
Анын алгачкы чыгармасы 1957-жылы жарык көргөн.
“Сыбызгы” деп аталган тунгуч ырлар жыйнагы1961-жылыжарык көргөн.
Анын пьесасы Нарын облустук музыкалык драма театрында коюлган.
Бир катар публицистикалык макалалары жана мектери Кыргызстандагы мезгилдүү басма сөздө жарык көргөн.
Акындын айрым ырлары орус тилине которулган
Акын Ж.Тынымсейитованын «Ысык-Көлдөн бир элес» («Ай баратат») деген ырына өз айылдашы, элеттик композитор Сайыргазы Түркмөнов татынакай обон жаратып, бул обондуу ыр кыргыз музыкасынын алтын корунан орун алды.
1963-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
Адабият майданында сиңирген эмгеги үчүн Ж.Тынымсеитова В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Сыбызгы:Ырлар жыйнагы, Жалкоо таранчы: Ырлар, Нарын толкундары:Ырлар жыйнагы, Алтын топчу:Ыралар,Ата-Журт ыргактары:Ырлар жана поэмалар, Памятник солнцу:Стихи поэтов Киргизии