Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Ак калпак күнү

Ак калпак күнү
05 Мар 2020

2020-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Ак калпак күнүнө карата “Ак калпак – кыргыз тарыхы”аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
2016-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №825-VI токтомунун негизинде кыргыздардын баш кийими жана улуттук кийимдердинин барктуулугун сактоо иретинде кабыл алынган. Мына ушул күндөн бери улуттук кийим жана Ак калпак күнү 5- март күнү белгиленип келет.

Бабалар тарыхын барактап көрсөк, анадан ак калпак тууралуу көп маалыматтарды учуратабыз.
Калпак бул – кара же кызыл сызыктары жана оймолору менен ширетилген, ак кийизден жасалган, өткөн замандан бери келе жаткан көчмөн кыргыз элинин кийизден жасалган салттуу мырзалардын баш кийими. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат.

Калпактын ар бир элементи жөнөкөй болбостон өзгөчө мааниге ээ. Калпактын ак кийизден жасалганы анын ыйыктыгын, аруулугун түшүндүрөт. Аны кийген адам ата-бабаларынын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат. Кыргыз калпагы жашоо тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган, жайлуу жеңил баш кийим катары көрүнөт. Бирок калпактын формасы, калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу терең маанини туюндуруп турат.
Бул күнү көптөгөн кыргыз уландары өзүнүн Кыргыз мамлекетине болгон патриоттук сезимдерин көрсөтүшүп бир күн бою калпактарын башынан түшүрбөй кийип жүрүшөт. Бүгүнкү күндө «Ак калпак» кыргыз элинин бир улуу айкөл адамы тарабынан жасалган деп тарыхчылар айтууда. Кыргыз калпагы бүткүл дүйнөгө таанымал болуп, акыркы убакта абдан белгилүү баш кийимдердин катарына кирип калды деп сыймыктануу менен айтсак болот.

Китеп-сүрөт көргөзмөдө улуттук кийимдердин ар түркүн сүрөттөрү жана китептер, газета-журналдык материалдары коюлду.

Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахмановкөч., 208. Алыкул Осмонов атындагы
КыргызРеспубликасынынУлуттуккитепканасы. Тел.: 30-47-04