Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Ак калпак калган мураска — Атабыз айкөл Манастан”

“Ак калпак калган мураска — Атабыз айкөл Манастан”
03 Мар 2026

2026-жылдын 3-мартында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү 5-март – Ак калпак жана улуттук кийим күнү майрамын утурлай, “Улут жүзү – ак калпак” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмөгө улуттук баш кийим жана кыргыздын оймолору, А.Акматалиевдин “Жасалга өнөр чеберлери”, “Кыргыздын уз-усталары”, “Каада-салттар, ак баталар” китептери жана башка кызыктуу китептер жайгаштырылды.

Кинорежиссер Ырысбек Жабировдун демилгеси менен 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылы бекитилген.

Улуттук баш кийимди, кыргыз элинин салттуу кийимдерин даңазалоо, каада-салтты сактоо жана маданиятты сыйлоо максатта уюшулган көргөзмөгө баарыңыздарды чакырабыз!