2019-жылдын 5-мартында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде 5-март Ак калпак жан улуттук кийим күнүнө карата “Ак калпак жана улуттук кийим – улуттун жүзү” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана поэзия кечеси өткөрүлөт.
Көркөм кол өнөрчүлүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча, элди мекенчилдикке үндөө жана улуттук кийим-кечелерин жайылтуу максатында “Ак калпак жана улуттук кийим күнүн” белгилөө демилгеси көтөрүлгөн. Улуттук кийим бир элди башка элден өзгөчөлөп турган атрибуттардын бири.
Калпак бул – кара же кызыл сызыктары жана оймолору менен ширетилген, ак кийизден жасалган, өткөн замандан бери келе жаткан көчмөн кыргыз элинин кийизден жасалган салттуу мырзалардын баш кийими. Бай адамдар төбөсү бийигирээк калпак кийип, ал адамдын боюн узун жана олуттуу кылып көрсөткөн. Алдыга умтулуп, учтары бүгүлгөн бурчтары, ат үстүндөгү адамдарга кайраттуу мүнөз берип турчу. Кийиз калпактарынын кайталангыстыгы жана оригиналдуулугу булардын универсалдуулугу жана абдан ыңгайлуулугу менен шартталат. Кыштын күнү башты жылуулукта, ал эми жайдын ысык күндөрүндө салкын абалда кармайт. Оңой жыйналып, формасын жоготпой, кармап алууга же капка салып алууга эптүү келет.
Калпактын ар бир элементи жөнөкөй болбостон өзгөчө мааниге ээ. Сабак жагы дайыма алдыны карай кийилип, арчаны элестетет, ал эми арча болсо кыргыз элинде түбөлүктүүлүк деген маанини берет. Ак кийизге ширелип, калпактын көркүн чыгарып турган оймо-чиймелер жөнүндө болсо жүздөгөн легендаларды айтып берүүгө болот. Анткени булардын ар бир элементтери өз маанисине ээ.
Бул күнү көптөгөн кыргыз уландары өзүнүн Кыргыз мамлекетине болгон патриоттук сезимдерин көрсөтүшүп бир күн бою калпактарын башынан түшүрбөй кийип жүрүшөт. Бүгүнкү күндө «Ак калпак» кыргыз элинин бир улуу айкөл адамы тарабынан жасалган деп тарыхчылар айтууда. Окумуштуу-этнограф Лев Гумилев «Калпак өзүнүн формасы менен тоолорду, боз үйдү жана ошону менен бирге египет пирамидаларын элестетет» — деп айтып өтүптүр. Кыргыз калпагы бүткүл дүйнөгө таанымал болуп, акыркы убакта абдан белгилүү баш кийимдердин катарына кирип калды деп сыймыктануу менен айтсак болот.
Кыргыздын кийим-кечектери бир беткей үлгүдө көрүнгөнү менен, ал адамдардын жаш өзгөчөлүктөрүн тандайт. Кыргыздын кийим-кечесиндеги башкы өзгөчөлүк, кийимдин материалдык сапаты жана аялдардын жасалгаларынын саны менен гана айырмалангандыгында болгон. 18 кылымдын булактары башчылар парча кийим, аң-терилери кармалган кийиз калпак кийип, жибек белбоолорду курчанып жүрүшкөн, бут кийимдерди булгаарыдан жасап кийишкен. Калың жүндөн токулган кездеме кийим кийип, мата курлар курчанышкан, калпактары кооздолбогон, жаргак тери өтүк кийишкен.
Улуттук китепканадагы көргөзмөнүн арасында улуттук кийимдердин ар түркүн сүрөттөрү, анын ичинде чет өлкөлөргө чейин жеткен фасондор да коюлду. Мурда улуттук кийимдер телевизордон, майрамдардан, спектаклдерден, оюн-зооктордон көрүлүп келсе, жаштарыбыз сыймык менен кийип жүрүүчү, жарашыктуу көркөм сайма көчөттөр түшкөн улуттук кийимдер элибиздин пейилин, жергебиздин бай табиятын символдоштуруп эл арасында сүймөнчүлүккө ээ болуп баратат.
Китеп-сүрөт көргөзмөгө китептер, газета-журналдык, илимий конференциялык материалдары жана кыргыз кийимдеринин фасондору, сүрөттөрү коюлду.
Көргөзмөгө коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер, окурмандар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.