Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Ак таЈдай акын, чебер комузчу Арстанбек»

11 Фев 2014
2014-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басылмалар бөлүмүнүн залында Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына арналган «Ак таңдай акын, чебер комузчу Арстанбек» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Өткөн кылымдагы «Замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү, философ ойчулу, виртуоз комузчу, төкмө акын Арстанбек 1824-жылы Ысык-Көлдүн сыртында бугу уруусунан Буйлаш аттуу дөөлөттүү байдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Алгач элдик ырларды ырдап, дастандарды айтып, күүлөрдү чертип чыгармачылыгы башталган, элдин калың катмарына көрүнгөн.
«Өнөрлүү өлбөйт» дегендей Арстанбектин акындыгы менен чебер комузчулугу, сөз таап айткан чечендиги Кокондук бийлөөчүлөргө жагып, 1840-жылы атасы Буйлаш баш болгон тынымсейиттин билермандарын кармап алып кеткенде, артынан Анжиянга келген. Кокондук датка менен бектерге комуз чертип, мактап ырдап жагып, сөз таап чечендиги менен атасы баш болгон кишилерди куткарат. Оозеки маалыматтарда Кокон хандыгы Каракол, Барскоон, Коңур-Өлөңдөргө чеп куруп бийлигин Көл өрөөнүнө кеңири жайылткан.
«Сарт жайылып даң салып,
Караколго там салып» – деп акын ырында сайран кургандарга нааразылыгын билдирген.
Кокон хандыгы менен орус колонизаторлорунун баскынчылыгын, бугу-сарыбагыш урууларынын чабышын өз көзү менен көрүп 1870-жылы «Тар заман» ырын жараткан.
«Көч алды болор орусуң,
Сары журт болор конушуң.
Жайлоо тургай төр кайда,
Ачып кирер көр кайда?» – деп баяндаган.
Арстанбек жеке чыгармаларынан башка да элдик «Төштүк», «Кожожаш», «Чоро», Бердикожо жалгызым», «Беш казак» сыяктуу эпос-поэмаларды, «Көкөтөйдүн ашын» чебер аткарган. Чоң комузчу Музооке менен комуз чертишип күч сынашкан. Комузчу Сейилканды, түштүктүк ырчы Сарт жана таластык Чоңду менен казактын акындары Каңтарбай жана Сүйүмбай менен айтышкан. 200гө жакын күү чыгарган. «Арстанбектин арман күү», «Кербез», «Солтон-сары», «Кет Бука», «Ат Чубатар ботой» Залкар күүлөрдү элге тартуулаган.
Алгачкы акындын мурастарын окумуштуу Тазабек Саманчин колго алган. 1994-жылы окумуштуу Б. Кебекованын «Арстанбек» китеби 1998-жылы жаш окумуштуу, адабиятчы Н. Бегалиеванын «Арстанбектин өмүрү жана чыгармачылыгы» аттуу монографиясы чыкты. Арстанбек Буйлаш уулу 1878-жылы 54 жашында Ысык-Көлдүн тескейи Чычканда каза болуп, 1994-жылы күмбөзү тургузулган.
Көргөзмөгө Кыргыз эл акындарынын, көрүнүктүү жана жаш окумуштуулардын Арстанбекке арналган китептери, монографиялары, макалалары коюлду.
Көргөзмөнү ЖОЖдордун студенттери, окутуучулар, окурмандар жана жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.