Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Ак тандай акын Женижок. Туулган кунунй 150 жыл

07 Дек 2010
(нет перевода)
2010-жылдын 6-декабрында Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү тарабынан уюштурулган “Ак таңдай акын Жеңижок. Туулган күнүнө 150 жыл” китеп көргөзмөсүнүн ачылыш кечеси болуп өттү.
Кыргыздын өзгөчө таланттуу, кайталангыс акыны Жеңижоктун (Өтө Көкө уулунун) туулган күнүнө 150 жыл толуп олтурат. Акын 58 жыл өмүр сүрүп, кыргыз элине кенен таанылган акындардын бири. Ал арабча окуй билгендиктен, эл ичиндеги ар кандай чыгыш китептери менен тааныштыгы болгон. Табиятынан таланты күчтүү Жеңижок Анжияндагы чоң тойдо алгачкы жолу айтышып ырдаганда эле, ошол мезгилдин көрүнүктүү акыны Нурмолдону жана бир топторун жеңип чыккан.
Жеңижок айтыш өнөрүндө эч кимден жеңилбеген күчтүү акындардан болгонуна анын XIX кылымдын күчтүү акындары эсептелген Нурмолдо, Эсенаман, Токтогул, Эшмамбет ж.б. акындар менен айтыштарындагы таамай жооптору буга далил. “Даанышман адамдын теңи жок” дегендей, Өтө Көкө уулу көпчүлүк акындар өзүнө тең –тайлаша албасын түшүнчү экен. “Ким ырдайт менин ырымды?” деген ырында бир катар акындарды санап келип, “алардын бардыгы менин ырымды айта албайт, өзүнө жеткире айткан бир гана Токтогул болот”, деп ырдаган экен.
Ушундай залкар акын Жеңижокко арналып уюштурулган көргөзмө 3 бөлүктөн турат.
“Жеңижок – төкмө өнөрүнүн устаты” бөлүгүндө акындын белгилүү ырчылар менен айтыштары жана элге кеңири тааныш философиялык ыр түрмөктөрү коюлду.
“Жеңижоктун чыгармалары илимий изилдөөлөрдө” аттуу бөлүктө акындын чыгармачылыгына илимий талдоо жүргүзгөн Мураталы, Ысманалы Мукасовдордун, Кубат Осмонбетовдун ж.б. окумуштуулардын эмгектери, Расул Шамшиевдин философия илимине кандидаттыкты жактоо боюнча эмгегинин авторефераты, бир топ илимий макалалар орун алды.
“Түрдүү ой-пикирлер” деген бөлүккө акын жөнүндө газета- журналдарга жарыяланган, түрдүү-түрдүү ой-пикирлерди камтыган материалдар кирет.
Жеңижок акын жөнүндө иликтөөлөрдү жүргүзүп, басма беттеринде жарыялап келе жаткан инсандарыбыздын бири, коомдук ишмер,көрүнүктүү жазуучу Бакты-бек Максүтов кечеге катышып, акын жөнүндө аңгеме мазмундуу аңгеме куруп берди. Угуп, талкууга катышкандар Китепкананын кызматкерлери жана кызыгып келген окурмандар болду.