Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта

21 Дек 2015

2015-жылдын 16-декабрында дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде КРнын Улуттук Илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагы боюнча сыйлыгынын лауреаты, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимовдун туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган “Өмүрү өрнөк устат аалым, мамлекеттик жана коомдук ишмер”, — аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Көргөзмө иш-чарага Президенттин, Өкмөттүн Аппаратынын расмий өкүлдөрү С. А. Раев, Э. С.Каптагаев, КР ЖКнын төрагасынын орун басары Н.К. Алимбеков, УИАнын Президенти А. Эркебаев, А. Акматалиев, Украинанын “Берегиня” коомунун төрагасы В. В. Нарозя, Корея коомдук бирикмесинин төрагасы В. П. Цой, Дунган Ассоциациясынын төрагасы А. Л. Машанло, БГУнун ректору А. И. Мусаев, Арабаев атындагы университетинин ректору Т. А. Абдрахманов, профессор А. Молдошев, Чехия “Наздар” коомдук бирикмесинин төрагасы А. А. Кирал, мамлекеттик ишмерлер, илимдин, билим берүүнүн, маданияттын кызматкерлери, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Белгилүү окумуштуу, химия илимдеринин доктору, профессор, академик Б.Мурзубраимовдун кыргыз илимине кошкон зор салымын катышуучулар баса белгиледи. Ал өз өмүрүн илимге, билимге арнап көптөгөн эмгектерди жаратты. Ош пединститутунда ага окутуучу, доцент, химия кафедрасынын башчысы, институттун проректору, 1986-жылы табигый география факультетинин деканы, 1988-1990-ж. Парткомунун катчысы, 1990-жылда декан, 1993-1998-жж. Ош технологиялык университетинин ректору, 1998-2000-жылдары Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган. ОшМУнун материалдык-техникалык базасын чыңдап, билим берүүнүн сапатын жакшырткан, Борбор Азиядагы билим берүү жаатында абройлуу ийгиликтерген жетишкен.
Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунда лаборатория башчысы, директор болуп иштеген. Ал 300 дөн ашуун илимий жана илимий-методикалык макалалардын, 19 окуу куралы жана монографиялардын автору, 12 ойлоп табуучулукка автордук укукка ээ.
Б.Мурзубраимов КУИАнын корреспондент-мүчөсү, бир нече университеттердин (КТУнун, ОшТУнун, ОГПИнин) ардактуу профессору. Анын жетекчилиги менен 17 аспирант кандидаттык жана 2 докторлук диссертацияларын жакташкан.
КР Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланып, 15 жыл эмгектенген. Мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да кыргыз элине көптөгөн иштерди жасаган.
Анын эмгеги жогору бааланып III даражадагы “Манас” ордени, КМШнын Парламент аралык “Достук” ордени, СССРдин жана КРнын элге билим берүүсүнүн отличниги, КРнын илим жана техника боюнча сыйлыгынын лауреаты, СССР ИАнын эстелик медалы, Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты ж.б. Ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган.
2011-жылдан бери Б.Мурзубраимов Кыргызстан элинин Ассамблеялар Кеңешинин төрагасы болуп элдин ынтымагын бекемдөөгө жигердүү иштеп келе жатат. Азыркы убакта да кыргыз журтчулугу үчүн талыкпастан эмгектенип, күчүн жумшап иштеп келе жатат.