Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Академик В. В. Бартольд – 145 жыл.

13 Ноя 2014

Академик Василий Владимирович Бартольд – тарыхчы чыгышты изилдөөчү бүткүл дүйнөгө атагы чыккан эң зор илимпоз. В. В. Бартольд Чыгыштын, Орто Азиянын тарыхынын эң көп түрдүү маселелери боюнча 700 дөн ашуун эмгек жазган. Василий Владимирович Орто Азиянын тарыхына негиз салган киши болуп эсептелет.


“Монгол жортуулунун доорундагы Туркестан” деген 1898 жылы жана 1900 жылы чыккан зор эмгегинин негизинде совет илимпоздорунун көп сандаган кадрлары тарбияланып чыкты.

В. В. Бартольд чыгармачылык жагынан көп нерселерди башынан өткөргөн. Орустун Н. И. Веселовский, В. Р. Розен, Д. А. Хвольсон, В. А. Жуковский деген изилдөөгүч зор окумуштууларынын шакирти болгон В. В. Бартольд Петербург университетин бүткөндөн кийин 1891-1892 жылы чет мамлекетте жүрүп окууну уланта берет да, 1893 жылдан тартып илгерки замандагы эстеликтерди жана күн чыгыш жазууларын изилдөө үчүн Орто Азияны жана чет өлкөлөрдү кыдырат.

“Чынгызхан империясынын түзүлүшү” деген темадагы лекция менен 1896 жылы Петербург университетинде окутуучу болот, бул кызматын дүйнөдөн кайтканча жүргүзөт. В. В. Бартольд 1910 жылы Илимдер Академиясынын член корреспонденти болуп, 1912 жылы Академик болуп шайланат. 1896 жылы Ташкент шаарында археологияны сүйүүчүлөрдүн Түркстандык ийрими түзүлөт, революция жылдарында болсо, 1917 жылы Орто Азиялык Мамлекеттик Университетти уюштуруу ишине активдүү катышат.

Октябрь революциясынан кийин В. В. Бартольд өзүнүн ишин кеңири өрчүтүп, өткөн замандан калган эстеликтерди текшерүү үчүн, кол жазмалардын жыйынтыктарын изилдөө үчүн (1920-1925 ж.) бир нече жолу Орто Азияга келет. Василий Владимировичтин өтө көп окулган лекциялары бүт дээрлик басылып чыкты. Булардын ичинен “Европада жана Россияда Күнчыгышты изилдөө” деген курсун жана түрк элдеринин тарыхы жөнүндө Стамбул шаарында 1926 жылы окулган лекцияларын бөлүп көрсөтө кетүү керек.

В. В. Бартольддун “Кыргыздар” деген эмгеги бул улуу илимпоздун өмүрүнүн акырында жазылган. Василий Владимировичтин эмгегинин негизги мааниси мында: ал кыргыз элинин тарыхынын негизги этаптары жөнүндө жана кыргыз тарыхын билүүгө кызыккан ар бир адамга билүү зарыл болгон маалыматтардын баарысын бириктирип чогултту.