Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АКСУУБАЙ АТАБАЕВ “ЖҮРӨГҮМ МЕНИН ТООЛОРДО”

АКСУУБАЙ АТАБАЕВ “ЖҮРӨГҮМ МЕНИН ТООЛОРДО”
25 Дек 2023

2023- жылдын 25-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын маданият жана искусство бөлүмү белгилүү обончү жана ырчы, 200гө жакын обондордун автору Кыргызстандын эл артисти Аксуубай Атабаев 80 жылдыгына арналган «Жүрогүм менин тоолордо» деп аталган китеп сүрөт көргөзмөсү коюлду. Аксуубай Атабаев 1943-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун “Ак-Булуң” айылында туулган. Кыргызстандын Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатта окуган. Аксуубай Атабаев — классикага айланган мыкты обондордун автору. “Чагылган”, “Он сегиз жаш”, “Эне жөнүндө баллада”,”Тоолор”, “Таалайбек”,”Айгүл ай””Жүрөк эңсейт” жана башка ырлары кыргыз обондуу ырларынын алтын казынасынан орун алган. Аксуубай Атабаев акыркы жылдары өмүр жашоо, арман тууралуу көлөмдүү чыгармаларды жазып келди. “Арман дүйнө, жалган дүйнө” аттуу балладасы, Алыкулду кумир тутуп, ага арнап жазган “Алыкул тууралуу ода” (Сөзү Анатай Өмүркановдуку) аттуу чыгармасы композициялык, обондуулук жактан жаңыча иштелген чыгармаларынан болду. Көргөзмөдө ал жөнүндө китептер, журналдар, сүрөттөр орун алды.