Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Аксы окуясы

17 Мар 2017
2017 – жылдын 17 мартында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мезгилдүү басма бөлүмүндө, Аксы окуясы боюнча көргөзмө уюуштурулду.
Аксы трагедиясы – 2002-жылы Кыргызстандын тарыхында саясий нааразычылык менен массалык түрдө бийликтин иш – аракетине каршы болгон эл өз талаптарын коюп чыккандардын мучөлөрүнүн өлүмү менен аяктаган. 2002 – жылы окуя бекеринен келип чыккан жок. Аксы окуялары — элдин ан – Сезиминин бийик денгээлге өскөнүн көрсөттү. Буга кошуп кетчү нерсе коомдун биргелешип жасаган иши бийликтин ишмердүүлүгун элге жагатургандай жакка бурду. Аксы окуялары коомдун бийлик менен тең ата болууга, бийликке каршы биргелешип чыкса, анын айласын кетирип, керек болсо, төңкөрүш кылганга мүмкүнчүлүк болоорун элге көрсөтүп берди. Аксы окуясы элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган. Аксы окуясы элдин аң-сезимин өзгөртүп, улуттук намысыбызды ойготкон. Ар бир адам эркиндикке жана адилеттикке умтулат.
Окуядан 10 жыл өткөндөн кийин, 2012 – жылы Президент Алмазбек Атамбаев 17 – марты Аксы окуяларын эскерүү күнү катары белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон. Мындан 15 жыл мурун «Аксы» деген ат Кыргызстанды бүт дүйнөгө дүңгүрөткөн.
Бул көрсөтмөлөргө газеталардагы макалалар, журналадар жана китептер коюулду.

Дареги: Бишкек шаары. Ю.Абдрахманов көчөсү. 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басма бөлүмү. Тел : 0312 30- 46 – 83