Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Актан Тыныбековдун туулган кЇнЇнЇн 130 жылдыгына арналган китеп кйргйзмй

12 Янв 2017
А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2017-жылдын 12- январында манасчы жана комузчу Актан Тыныбековдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү коюлат.
Кыргыз элине манасчы, төкмө, жомокчу жана чебер комузчу катары белгилүү болгон А. Тыныбеков 1887-жылы Нарын областынын Тянь-Шань районуна караштуу Терек-Булак айылында өз заманында чоң манасчылардын бири болгон. Тыныбек жомокчунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал эс тарткандан эле атасынын айткан “Манасын” кунт коюп угуп, кыргыз элинин бай оозеки чыгармачылыгына көңүл бура баштаган. Жаш Актандын сезиминин ойгонушуна, ырчылыкка жана комузчулук өнөрүн өздөштүрүүгө биринчиден, атасы Тыныбек таасир этсе, экинчиден, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы жана музыкасы себепчи болгон. Бирок 1900-жылы атасы дүйнөдөн кайткандан кийин анын “Манасын” толук өздөштүрө албай калат да, ырчылыктан комузчулукка өтөт.
А. Тыныбеков отузунчу жылдардын башында айылдык советтин төрагасы, кийин колхоздун башкармасы, 1933–1936-жылдарда Нарын райондук радио түйүнүндө иштеген. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист болуп иштеген күндөн тартып ал бүт көңүлүн комузчулук менен ырчылык өнөрүнө буруп, чыгармачылыктын артынан түшөт. Ал эскиче окуган билимдүү адам болгондуктан чыгармачылыкты оозеки элдик поэзиянын таасири астында баштаса да кийин советтик жазуучу, акындардын чыгармаларын үзбөй окуп, алардан үйрөнгөн.
1940-жылы “Эр Табылды” дастаны жарык көрүп, анын варианты менен бир нече ирет басмадан басылган.
Ал “Кыргыздын улуттук оюндары” аттуу китеп жазган. Анда 50гө жакын кыргыз оюндарынын ойнолуу тартиби, мезгилдери, шарттары жана эрежелери кошо сыпатталып жазылып, байыркы кыргыз элинин кылымдан-кылымды басып өткөн тарыхына таазим кылып, үрп-адат, каада-салттарына кенен токтолуп, ар бир оюнду чечмелеп берген.
А. Тыныбек уулунун бул эмгеги өтө уникалдуу эмгек болуп саналат. Өз элиңдин тарыхы менен кененирээк таанышууга мүмкүнчүлүк аласың. Бирок тилекке каршы эмгеги басыла элек, кол жазмалар фондусунда сакталып турат. 1964-жылы “Асан Жамал” аттуу жыйнагы, 1991-жылы “Көкөтөй чечен” деген чыгармасы О. Сооронов тарабынан түзүлүп басмадан басылып чыккан. Анын айткан “Манас” жана “Семетей” эпосторунан үзүндүлөрү башка манасчылардан айырмаланып өз алдынча оригиналдуу көркөмдүккө ээ.
Кыргыздын залкар күүлөрүн чертип, өзү да “Семетей күү”, “Кеңеш”, “Чоң кошуун”, “Алга бас”, “Камбаркан”, “Өзгөрүш”, “Шыңгырама” өңдүү кыргыз элиндеги жаңыланууга арналган күүлөрдү чыгарган.
Кыргыз маданияты, адабиятына сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардак наамга татыктуу болуп, медалдар менен сыйланган.
Төкмө акын, манасчы, комузчу жана элдик мурасты жыйноочу, жазуучулар союзунун мүчөсү А. Тыныбеков 1951-жылы 5-ноябрда дүйнөдөн кайткан.
Бул китеп көргөзмөгө анын өмүр- баяны, чыгармачылыгы, ал жонүндө жазылган макалалар, газета- журналдардан статьялар жайгаштырылган.
Дареги: А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы
Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү.
2- этаж. № 57 кабинет. Тел: 30-46-97.