Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Акылы урук болуп йнгйн залкар устат-мударис

06 Июн 2016
2016-жылдын 3-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргызстан социологиялык ассоциациясы (КСА) философия илимдеринин доктору, социология профессору, РФнын гуманитарлык жана социалдык Академияларынын академиги, кыргыз Эл мугалими, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социология бөлүм башчысы Кусеин Исаевдин “Кыргыз ооматы Чыгышта”, “Кыргыз таануу маселелери”, “Бостери жана бостериликтер”, “Роль глобализации и демократии в суверенном Кыргызстане” деген китептеринин бет ачар аземи, «Акылы урук болуп өнгөн залкар устат-мударис» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция жана китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышы өткөрүлдү.
Көргөзмө иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Г.С.Молдобекова, Кыргызстан Калк Ассамблеясынын төрагасы Т.Б. Мамытов, коомдук ишмерлер Э. С.Каптагаев, Ж.Сааданбеков, УИАнын Президенти А. Эркебаев, А. Акматалиев, Дунган Ассоциациясынын төрагасы А. Л. Машанло, КУУнун ректору Ч.Ү. Адамкулова, философия илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти С.Ж.Мусаев, социология илимдеринин доктору, профессор Н.Өмүралиев, саясый таануу илиминин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн башчысы Б.Орунбеков, социология илимдеринин кандидаты, БГУнун социология кафедрасынын башчысы Б.Малтабаров, окурман-мударис К.Исаев, мамлекеттик ишмерлер, илимдин, билим берүүнүн, маданияттын кызматкерлери, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Бул иш чараны Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова кирищш сөз менен ачты.
Ал төмөнкүлөргө токтолду. Эзелтен кыргыз эли көкүрөгүндө уюткан терең ою, оозунда таасирдүү кеби бар карыларды кадырлап келген. Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан акылман, көптү көргөн карылар ынтымактын куту, калыстыктын тиреги болгон. Ошондой аксакалдарыбыздын бири, талыкпаган мээнеткеч устат, философия илимдеринин доктору, профессор, Кусеин Исаев агабыз.
Мударис Кусеин Исаев тынымы жок, илимдин, окутуунун дыйканы, даанышман устат, насыятчы, адеп-ыйманын ыйык туткан калыс, акыйкатчыл инсан де5п баса белгиледи.
Сөз Жогорку Кеңештин депутаты Г.С.Молдобекова берилип, ал Кусеин Исаевдин талыкпай иштеген, илим-билим артынан сая түшүп иштеген инсан экенин айтты. коомдук ишмерлер Э. С.Каптагаев, Ж.Сааданбеков, УИАнын Президенти А. Эркебаев, А. Акматалиев, КУУнун ректору Ч.Ү. Адамкулова, философия илимдеринин доктору, профессор, Э.Каптагаев “Кыргыз коомунун түзүлүшүнүн зарыл маселелери”, КР УИАнын мүчө-корреспонденти С.Ж.Мусаев “Кыргыз таануунун негиздөөчүсү – залкар окумуштуу-мударис”, социология илимдеринин доктору, профессор Н.Өмүралиев “Кыргыз социологиясынын патриархы”, саясый таануу илиминин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн башчысы Б.Орунбеков “Мударис Кусеин Исаевдин публицистикасы”, социология илимдеринин кандидаты, БГУнун социология кафедрасынын башчысы Б.Малтабаров “Кыргыз социологиясынын географиясы” аттуу илимий докладдарын окушту.
Кусеин агайдын “илимдеги ийне менен кудук казгандай” анын өрнөктүү өмүр жолу менен өрүлүп, кыргыз улуттук илимдеги абройлуу тагдырды жаратты. Мударис Кусеин Исаев бир нече жылдардан бери кыргыз социологиялык дүйнө таанымын Эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп келет.
Кыргызстанда биринчилерден болуп “Социология”, “Саясат таануу”, “Социалдык кызмат”, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистерин европалык стандарт менен жогорку билимдүү кесипкөйлөрдү даядоонун демилгечиси болуп, “Башкаруу жана социология” факультетин уюштуруп, деканы болгон, “социология” адистиги боюнча аспирантура, докторантура ачып, социологиялык илим-изилдөө лабораториясын, “Ачык коом” окуу-усулдук кабинеттеринин ишин жолго койгон.
Азыркы учурда 40 тан ашык илимдин кандидаттарын, илимдин докторун тарбиялады, 60тан ашык дипломдук иштерди жетектеди, көп сандаган илимий эмгектерге,диссертацияларга оппонент, эксперт, консультант болгон. Кыргыз-Түрк-Манас университетинде иштөө менен өзүнүн өлкөбүзгө арналган үзүрлүү эмгегин улантууда.
Аалым Кусеин Исаев 20дан ашык китептердин, 300гө жакын илимий курч публицистикалык макалалардын автору. Кыргызстандын азаттыктагы жылдарында демократиялык кыймылдын (КДК), Адам укугун коргоо комиссиясынын, Президенттин алдындагы улуттук тил комиссиясынын байкоочу кеңешинин төрагасы, коомдук “ЭлТР” компаниясынын байкоочу кеңешинин төрагасы, 2005-жылдагы 24-марттагы Элдик ыңкылаптын теоретиги, чындыктын айныгыс жарчысы.
Россия Федерациясынын социалдык академиясынын академиги жана Гуманитардык илимдер академиясынын академиги. Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
Кусеин Исаевич азыр да өзүнө гана мүнөздүү болгон кайратынан жазбай илимде да, коомдук иштерде да талыкпастан иштеп келе жатат.
Китеп-сүрөт көргөзмөдө К. Исаевдин китептери, макалалары, публицистикалары жана ал жөнүндөгү ар түрдүү макалалар, ой-пикирлер орун алган.