2025-жылдын 20-мартында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында чыгармалары Кыргызстан адабиятынын алтын фондуна кирген жана кыргыз поэзиясынын нукура шедеври болуп саналган кыргыз элинин көрүнүктүү акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, “Алыкул таануу” илимий борбору жана Панфилов районундагы А. Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплекси менен биргеликте уюштурулду.
Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгынын алкагында китепкананын фойесинде “Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм. Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм…” деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, ага А. Осмоновдун сүрөттөрү, макалалары, акындын өмүр жолу жөнүндө басылмалар коюлган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Алыкул Осмоновдун ысымын 2015-жылдын 1-апрелинен баштап алып жүрөт. Бул тууралу чечим КР Өкмөтүнүн алдындагы республиканын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия тарабынан кабыл алынган.
Майрамдык иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын жазуучулар, илимдин, маданияттын жана искусствонун кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Алгач жыйынды Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Айнура Аскарова ачып, андан соң акындын эстелигине гүлчамбар коюлду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Апас Жумагулов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Жаңыл Түмөнбаева, Аскербек Эрматов, Садыкбек Аблесов, Алыкул таануучулар – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, коомдук ишмер, Алыкул таануучу Кеңеш Жусупов (Ыр сабындагы өмүр), Алыкул таануу илимий борборунун директору Замир Асаналиев, Мамлекеттик мемориалдык комплекстин директору Нуриддин Жумалиев, белгилүү журналист, публицист, Алыкул изилдөөчү Мундузбек Тентимишев, Алыкул таануучу, журналист жана коомдук ишмер Памирбек Казыбаев, Алыкул таануучу, журналист Догдурбек Юсупов, акын-жазуучу, адабиятчы, окумуштуулар коомчулугунан Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, Мамлекеттик жана коомдук ишмер, котормочу, адабиятчы Осмонакун Ибраимов, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Меңди Мамазаирова, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Курманбек Абакиров, публицист, драматург Аман Нааматов, белгилүү жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жедигер Саалаев, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген сүрөтчүсү Виктор Арнольдович Шестопал сөз сүйлөп, акынды эскеришти.
Иш-чаранын соңунда “Алыкул аллеясынын” салтанаттуу ачылышы болуп, көчөттөр отургузулду.