Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Акын, котормочу Абдылда Белековдун 90 жылдыгы

09 Фев 2018
2018-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө көрүнүктүү акын, котормочу Абдылда Белековдун 90 жылдыгына арналган
”…Орун алып жүрөгүмө жашындың,
Ого бетер акын болуп ашындым…”

аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Акын Абдылда Белеков 1928-жылы 1-февралда Ысык-Көл районундагы Корумду айылында туулган.
1943-жылы Темировкадагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктагандан кийин Нарындагы мугалимдер курсунун география факультетин бүтүп, Ат-Башыдагы Талды-Суу орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, Нарындагы Шоро жети жылдык мектебинде директор (1944-1945) болгон. Кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин (1948-1952) филология факультетин аяктап, Ысык-Көлдөгү Күрмөнтү орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген. Анын чыгармачылык жолу “Ысык-Көл” правдасы газетасында 1945-1948 атайын кабарчы болуп иштеп жүргөндө “Шайлайбыз” аттуу алгачкы ыры жарыялангандан башталган. 1953-жылдан баштап А.Белековдун ишинде бурулуш мезгил болот. Ал Кыргызстан окуу педагогикалык басмасында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий консультант болуп иштеген.
1959-жылы Москвадагы эки жылдык жогорку адабий курсун окуп келгенден кийин “Чалкан”, “Ала-Тоо” журналдарында “Кыргызстан маданияты” жумалыгында адабий кызматкер болуп иштейт.
А.Белековдун биринчи ырлар жыйнагы “Айкын жол” деген ат менен 1954-жылы жарык көрүп, аталган чыгармасы орус тилинде басылып чыккан. А.Белековдун “Ысык-Көл оттору”, “Эй Карагын”, “Өтө берет тирүүлүк”, “Кайран жеңем”, “Турар акын”, “Атсалоому алейкум, кымбатчылык” ж.б. ырлары жарык көргөн.
Орус жазуучуларынын М. Ю. Лермонтовдун, Р. Гамзатовдун, С.Маршактын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Абдылда Белеков 1947-жылдан тартып СССР жазуучулар союзуна мүчө болгон.
Көргөзмө менен окурмандар кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
Тел.:30-50-57, 30-47-04