Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Акын М. Мамазаированын 75 жылдыгы

16 Май 2018
2018-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде акын, жазуучу, драматург, публицист Меңди Мамазаированын 75 жылдыгына арналган
“… Айтсаң ачык асылкечтик сырың бар,
Жазсаң терең бал татыган ырың бар.
Кара сөздү, драманы кастарлап,
Кайнап жаткан, кайнар булак шыгың бар…” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова 1943-жылы 1-майда Ош областынын Кара-Суу районунун Коңур-Жаз айылында туулган. Ал 1960-жылы Ош шаарындагы кыздар орто мектебин ийгиликтүү аяктап, 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн бүткөн.
Эмгек жолун Кыргыз телерадиокомитетте режиссердун жардамчысы болуп иштеп баштаган. 1967-1971-жылдары Кара-Суу районунун орто мектебинде мугалим, 1971–1974-жылдарда Ош областтык край таануу музейинде экскурсия башчысы, 1974-жылдан баштап “Мугалимдер газетасында” кабарчы, 1995–1996-жылдары “Азаттык” радиосунда кабарчы болуп иштеген.
М. Мамазаирова 1996-жылдын августунан Мамлекеттик телерадиокорпорациясында кабарчы жана комментатор болуп иштеп келген.
Анын чыгармачылыгы студент кезинде эле башталып, ырлары басма сөз беттерине басылып чыгып, “Самат, мен сени издеп келдим” аттуу аңгемеси “Ала-Тоо” журналында жарыяланган.
Акындын “Нөшөр” (1975), “Саламатсыңбы Күн?” (1979), “Жайдын эң ысык күнү” (1980), “Туулуп өскөн үй” (1983), “Ак канаттуу чабалекей” (1985), “Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик” (2000), “Турумтай” (2004), “Энелер үнү” (2007), “Таарынган шаар”, “Тур, улуу Журт!” (2010) аттуу аңгеме-повесттер, ырлар, роман, публицистикалык поэмалар жыйнактары басмадан басылып чыккан.
М. Мамазаированын “Турумтай” романы аны кара сөздүн чебери катары элге кеңири таанытты. Өз мезгилинде жазуучунун бул романынын тегерегинде окурмандардын атайын конференциясы уюштурулуп, адабият күйөрмандары тарабынан кызуу талкуулар өтүп, жакшы ой-пикирлер айтылып, өз баасын алган.
Анын чыгармачылыгындагы өзгөчөлүк адамдын ички жан дүйнөсүн кылдат иликтеп, ата менен баланын, муун менен муундун ортосундагы карым-катыштарынын эң жакшы сапаттарын, улуттун сыймыктуу салт-санааларын, адамзат дүйнөсүндөгү асылдыкты терең урматтап даңазалаган.
Ал 1980-жылдан баштап драматургия жанрында да өзүн сынап иштей баштады. Анын 1987-жылы “Наристеге арналган хризонтема” деген драмасы Ош драма театрында, 1992-жылы “Аппак аял, айдагы кыз” (“Бахустун ак көйнөгү”) аттуу трагедиясы Республикалык өспүрүмдөр жана жаштар театрында, 1993-жылы Ысык-Көл областтык драма театрында “Кымгуут түшкөн бир кечте” аттуу драмалары ийгиликтүү коюлган, күйөрмандардын кубаттоосуна ээ болгон.
М. Мамазаированын адабият жана маданиятка жумшаган эмгеги жогору бааланып, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамына татыктуу болгон, “Даңк” медалы менен сыйланган. 2016-жылы “Кыргыз эл акыны” наамына татыктуу болду.
Көргөзмө 2 бөлүктөн турат:
1. “Көрүнүктүү акын жана прозаик”;
2. “Чебер драматург, публицист”.
Көргөзмөдө М. Мамазаирова жөнүндөгү материалдар, анын китептери, публицистикалары, ал жөнүндөгү макалалар, баяндамалар коюлду.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көчөсү 208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы тел: 30-47-04