Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Акын Сатин Абдыкеримованын туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата “Акын – Сатин Абдыкеримова” атту китеп көргөзмөсү

Акын Сатин Абдыкеримованын туулган күнүнүн 100 жылдыгына  карата “Акын – Сатин Абдыкеримова” атту китеп  көргөзмөсү
14 Окт 2019

2019 жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын “Кыргыз-Түрк маданий борборунда” акын Сатин Абдыкеримованын туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата “Акын – Сатин Абдыкеримова ” атту китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Абдыкеримова, Сатин (1919–1988) – акын. 1919-жылы Киров районундагы Бейшеке айылында туулган. С.Абдыкеримова кыргыз аялдарынын ичинен чыккан эң биринчи жазуучу акын. Анын биринчи ырлар жыйнагы 1939-жылы жарык көрүп, орус тилиндеги ырлар жыйнагы 1958-жылы чыккан.

С.Абдыкеримова 1946-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Кыргыз совет адабиятына сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени, «1941 — 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Бейшеке айылдык Советине депутаттыкка шайланган.
Жарык көргөн китептери: “Ырлар”, “Ырлар жыйнагы”. “Өчпөс нур: Ырлар жыйнагы”, “Айыл ырлары: Ырлар жана поэма”, “Алтын күз: Ырлар”, “Таң шооласы: Ырлар”, “Өмүр издери: Ырлар жана поэмалар” жана башкалар.

Китеп көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Ырлар -1949, Ырлар жыйнагы -1952, Өчпөс нур -1956, Айыл ырлары – 1964, Алтын күз -1969, Таң шооласы: Ырлар -1977,Өмүр издери: Ырлар жана поэмалар – 1979, Талант толкуну: Ырлар -1988, Стихи -1958, Милый край: Стихи -1970.

Адрес: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана тел:. 30-46-83