Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Акын Субайылда Абдыкадырованын туулган күнүнө 85 жыл

11 Мар 2020

А.Осмонов атындагы КР УКнын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басымалар бөлүмүнүн окуу залында 2020 -жылдын 12- мартында акын Субайылда Абдыкадырованын туулган күнүнүн 85 жылдыгына карата “Элинин таланттуу кызы”аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Субайылда Абдыкадырова азыркы Жайыл районундагы Сары-Булак айылында 1935-жылы 9-мартта туулган. 1952-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун алдындагы педагогикалык окуу жайын, 1957-жылы ошол эле В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1957-жылы “Ленинчил жаш” гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштап, кийин “Кыргызстан аялдары” журналында, Кыргыз ССРинин телерадио комитетинде редактор, “Ала-Тоо” журналынын искусство бөлүмүнүн редактору, 1984-жылдан “Кыргызстан маданияты” гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеген.

Чыгармалары басма сөздөрдө 1953-жылдан тартып жарыяланып келе жатат.1958-жылы “Любовь пришла” атуу ырлар жыйнагы орус тилинде Москвадагы “Молодая гвардия” басмасынан жарык көргөн. 1959-жылы “Булак” атуу жыйнагы кыргыз тилинде чыккан. 1961-жылы “Кыз кыялы”, 1963-жылы “Калыйпа” поэмасы, 1966-жылы “Чырак” ырлар жыйнагы, 1969-жылы “Чыгыш кызы” ырлар жана поэмалары, 1972-жылы “Аппак гүлдөр”атуу ырлар жана поэмалары жана дагы көптөгөн ырлары, поэмалары жарык көргөн. Акындын чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин тилдеринде, айрымдары немис, италия, япон ж.б. элдердин тилинде которулган.

1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. СССР Жазуучулар союзунун бир нече съездеринин, комсомолдун Бүткүл союздук XIV-съездинин делегаты болгон. Бир нече жылдар боюу Кыргызстан Жазуучулар союзунун Президиумунун, Секретариатынын дагы мүчөсү болгон. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен маданиятынын экинчи декадасынын катышуучусу. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Өкмөт жана эли-журту Субайылда Абдыкадырованын эл алдында сиңирген эмгегин баалап медалдар, грамоталар менен сыйлаган. 1958-жылы “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, 1970-жылы “Каарман эмгеги үчүн”, 2006-жылы КРнын Президентинин “Даңк” медалы менен сыйланган.

Кыргыздын даңктуу кызы Субайылда Абдыкадырова 2010-жылы дүйнөдөн кайткан.

Бул китеп көргөзмөгө акындын өмүр баяны, ар жылда чыккан китептери, газета, журналдарга ал жөнүндө жазылган эскерүүлөр жайгаштырылды.

Дареги: А. Осмонов атындагы КР УК. 2-этаж, № 57 каб. Тел: 30-46-79