Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Акын жана “Манас” аткаруучу Уркаш Мамбеталиев

Акын жана “Манас” аткаруучу Уркаш Мамбеталиев
07 Мар 2024

2024-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын эл артисти, акын жана “Манас” аткаруучу Уркаш Мамбеталиевдин туулгандыгынын 90 жылдыгына араналган китеп-сүрөт көргөзмөсү коюлду.
Уркаш Мамбеталиев 1935-жылы Ысык-Көл областына караштуу Түп районундагы Талды-сууайылында туулган. Мектекпти буткөн соң борбордогу атайын музыкалык окуу жайга келип окуйт жана 1952-жылы бутурөт.Андан соң А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы студияны окуган. Эмгек жолун кыргыз драма театрынан баштап, кийин филармонияга артист болуп жыйырма жылдан ашык эмгектенет. Уркаш Мамбеталиевдин чыгармачылыгына көңүл салганыбызда, бул адамдын чыгармачылык табиятынын көп кырдуулугун байкай алабыз.Артисттик талантынан сырткары, мыкты “Манас” аткаруучу, ал эми ыр, поэзия дүйнөсүнө келгенде поэзия чебери деп айтсак болот. Ошондой эле элдик дастандарды, уламыштарды, кенже эпосторду айткан. М: “Жоодарбешим”, “Сейитбек” өңдүү элдик чыгармаларды мыкты өздөштүрөт.”Манастан” үзүндү айтып баштайт. Кыскасы акындын поэзия дүйнөсүнө тартылып изденүүсү да калыптанат. Бүгүнкү күндө алты-жети ырлар жана поэмалар жыйнагы чыккан.
Уркаш Мамбеталиев кандайдыр бир деңгээлде “Манас” эпосунун театр сахнасында жашашына бирден-бир негизги салымды кошкон. Айрыкча анын “Манас” айтууга болгон дилгирленүүсү Молдобасан менен Саякбайды өз көзү менен көрүп, алардын айткандарын өз кулагы менен уккандан тартып күчөйт. Бара-бара концерттерге катышып “Манастан” кызыктуу үзүндүлөрдү айта баштаган.Ал “Манасты” Саякбайдын обонунда, стилинде, мүнөзүндө, жаңдоо-ымдоодо, артистизмдүүлүктө айкан. Ал “Манастын” бала чагын, “Кыргыздардын Алтайдан Алатоого келишин”, “Алманбет баатырдын аңгемесин”, “Көкөтөйдүн ашын”, “Чоң казат” сыяктуу бөлумдөрүн уккулуктуу, кызыктуу айтууга аракеттенген. 1972-жылы СССР жазуучулар Союзунун мучөсү болот. 2005- жзылы Үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Көргөзмөдө китептер, сүрөттөр, журналдар, сурап билүүчү маалыматтар коюлду.

Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч. ,208.
А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана, Маданият жана искусство бөлумү