Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Акын жана прозаик Талант Байгабыловдун 100 жылдыгына арналган “…Эл үчүн эмгек сиңиргем…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Акын жана прозаик Талант Байгабыловдун 100 жылдыгына арналган “…Эл үчүн эмгек сиңиргем…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
14 Май 2021

2021-жылдын 14-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде акын жана прозаик Талант Байгабыловдун 100 жылдыгына арналган “…Эл үчүн эмгек сиңиргем…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Акын жана прозаик Т. Байгабылов 1921-жылы 14-майда Талас районуна караштуу Кең-Кол айылында туулган. 1940-1941-жылдары Бишкектеги педагогикалык окуу жайына яктагандан кийин Талас районундагы Кең-Арал жети жылдык мектебинде мугалимдик кесипте иштейт.
Анын чыгармачылыгы педагогикалык окуу жайында окуп жүрөндө эле башталып, ошол кезде окуу жайында уюшулган “Кызыл учкун” деген адабий ийримге ал да мүчө болуп кирет. Анын жазган ырлары дубал газетага жарыяланган. 1942-жылы март айында армияга чакырылып, алгач Бишкектеги жөө аскерлерди даярдоочу мектепке кабыл алынып, машыгуу бүткөндөн кийин кенже лейтенант деген наам алып, август айында түздөн-түз Сталинград согушуна жөнөтүлөт. Ал жердеги Котлубадан темир жол станциясы үчүн болгон салгылашууда эки жолу жарадар болуп, госпиталда жатканда советтик жоокерлердин эрдигин да даңазалап жазган “Чабуул” , “Чечилген сыр” поэмалары, “Энеге” деген ыры “Советтик Кыргызстан (азыркы Ала-Too”) журналына жарыяланган.
Акындын согушта жүргөндө жазган ырлары менен поэмалары “Досторум” аттуу туңгуч ырлар жыйнагынан орун алган. Советтик Армиянын катарынан демобилизацияланып келгенден кийин, 1944-1952г-жылдары мугалим, 1952-жылдан баштап Покровка райондук газетасында редактор, 1958-жылы Талас райондук “Лениндик Туу” газетасында иштеген.
Т. Байгабылов 1952-жылы мугалимдер институтун, 1956-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун тил жана адабият бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн.
Ал адабиятка акын катары келсе, кийин кара сөзгө өтүп “Мергендин сыры” (1954), “Өчпөс жарык” (1958), “Жашыл Сарай” (1961), “Айыбы ачылгандар” (1962), “Биз биргебиз” (1968) жана башка ушул сыяктуу көптөгөн аңгеме, повесть, роман жараткан.
Жазуучунун чыгармалары жаштарды патриоттук духта тарбиялоого, жаратылышты сүйүүгө, адамдарды бири-бирин урматтоого жана толуп жаткан жакшы сапаттарга үндөгөн. Ыр жазабы же проза жазабы, ийинине жеткире иштеп, турмуштагы анча байкалбаган “ички” кооздукту кармап сактай билген.
Чыгармачылык менен мугалимдик кесипти айкалыштырган, элеттик акын мурунун акыркы жылдары Москва, Ленинград, Киев шаарларынын аскердик архивдерин аңтатып эрдик көрсөтүп унутулуп калган мекендеш жоокерлер тууралуу материалдарды топтоп, алардын эрдиктери жөнүндө көптөгөн очерк, макалаларды жарыялап, китеп кылып чыгарууга далалаттанган.
Адабиятка сиңирген эмгеги жогору бааланып, бир нече өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган. Т. Байгабылов 1997-жылы дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөдө Т.Байгабыловдун китептери, газета-журналдык макалалар жайгаштырылды.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасы
Тел.: 30-47-04