Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Акын жЇрйгЇ тЇбйлЇктЇЇ йчпйс от”

29 Мар 2017
2017-жылдын 29-мартында саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында көрүнүктүү акын, драматург, котормочу Жусуп Турусбековдун чыгармачылыгына арналган “Акын жүрөгү түбөлүктүү өчпөс от” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

Жусуп Турусбеков кыргыз совет адабиятынын баштоочуларынын бири, адабияттын татаал тепкичтеринен басып өтүп, туу чокусуна чыккан, адабий чөйрөгө таасирин калтырган таланттуу акын, драматург, котормочу болгон. Болочок акындын балалык чагы оор шартта, жетимчиликте өткөн, Түптөгү интернаттан, айыл-чарба техникумунан билим алган 1928-жылы «Эркин-Тоо» газетасынын редакциясында иштеп, алгачкы «Ленин жолу» деген ырын жаратат. Андан кийин «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» газеталарында, Кыргызстан басмасында редактор, Жазуучулар союзунун кеңешчиси, Кыргыз драма театрынын директорлук кызматтарын аткарып, чыгармачылык ишин улантат.
Жусуп Турусбековдун «Жусуптун ырлары» (1938), «Шайыр жаштар» (1933), «Тандалган ырлар» (1938), «Шайыр жаштар» (1933), «Тандалган ырлар» (1935), «Мекен» (1938) аттуу ырлар жыйнактары. «Ажал ордуна» (1935), «Беш Мойноктогу окуя» (1937) деген драмалары жарык коргон. К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев менен биргелешип «Айчүрөк» операсынын либреттосун жазган. «Каракчынын трагедиясы» (1941) деген поэмасы өзүнчө китеп болуп чыккан.
Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасы 1939-жылы Москвадагы өткөн Кыргыз искусствосунун 1-декадасында улуттук жаш маданияттын көрүнүктүү чыгармасы катары борбордун көрүүчүлөрүнө тартууланган. Драма орустун белгилүү искусство ишмерлери жана көрүүчүлөр тарабынан жогору баага татыктуу болгон. А. Корнейчук өз баасын берген: «Мен жолдош Турусбековду чын дилимден куттуктагым келет. Бул чындыгында эле чоң драмалык деми бар элдик дастан… Кыргыз эли ушул жаркыраган, таланттуу чыгармасы үчүн анын авторуна татыктуу алкышын айтат» — деген. Чындыгында эле бул драма ушул мезгилге чейин театр сахнасынан түшпөстөн келе жатат.
Ж. Турусбековдун эмгеги жогору бааланып «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Ал А. Пушкиндин, «Таш коногун», Генрих Гейненин, А. Жаров менен А. Безымянскийдин ырларын которгон.
Ж. Турусбековдун 107 жылдыгына арналган көргөзмө 3 бөлүктөн турат:
1. “…Кынаптап көркөм ыр жазган,
Кыргыздын булбул Жусубу…”
2. Чебер драматург, котормочу
3. Жусуп Турусбековдун замандаштары

Көргозмөнүн ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданияттын, илимдин кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана студенттер катышышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
Тел.:30-50-57, 30-47-04