Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Ала-Тоодон ааламга Їн салган Айтматов”

11 Дек 2014
2014-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Чынгыз Айтматов атындагы адабият борборунда ХХ кылымдын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук адабият күнүнө арналып, “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу китеп сүрөт көргөзмөсү коюлду.
Айтматов Чыңгыз Төрөкулович 1928-жыл 12-декабрда Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган.
1946-жылы Жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
Ч.Айтматов “Тоолор жана талаалар повесттери”(орус тилинде) китеби үчүн 1963-жылы Лениндик сыйлыктын лауреаты болгон.”Гүлсарат” повести, “Ак кеме”кинофильминин сценарийи, “Кылым карытаар бир күн” романы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1968,1977,1983), ал эми “Эрте келген турналар” (1976-ж.)повести Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы менен белгиленген.
1968-жылы Кыргыз эл жазуучусу, 1974-жылы УИАнын академиги, 1979-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры, 1983-жылы Европа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын академиги (Стокгольм), Азия жана Африка өлкөлөрүнүн биримдүүлүк комитетинин төрагасынын орунбасары, 1986-жылдан Ысык-Көл форумунун президенти, Австрия, Австралия, АКШ, Индия, Түркия, Япония, Россия ж.б. өлкөлөрдүн эл аралык адабий сыйлыктарынын лауреаты болгон.
Ч.Айтматовдун чыгармалары176 тилге которулган. Анын ичинен көргөзмөдө 49 тилге которулган чыгармалары турат.
Жазуучунун гуманизми жана адамгерчилиги, адамзатты сүйүүсү жана адамга болгон ишеними, жаркын таланты өзүнө карата койгон бийик талаптары жана эмгекчилиги менен айкалышып Ч.Айтматовдун чыгармаларын бүткүл дүйнөгө таанымал кылды жана дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн катарына кошту.
Айтматовдун прозасынын адабий дүйнөсү-бул өлбөс-өчпөс, нукура элдик мүнөздөрдүн жана образдардын, көкөй кескен турмуштук кырдаалдардын, турмуштун кенен жана таң каларлык урунттуу учурларынын дүйнөсү. Айтматовдун адабиятында элдик оозеки чыгармачылык жана фольклор элдүүлүктүн жандуу булактарынын бири болуп кызмат кылат.Айтматов көркөм сөздүн чыгаан жаратманы эле эмес, ал баарыдан мурда Дүйнөлүк масштабдагы адам. Ал таланттуу публицист, дипломат, гуманист, философ, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер жана Дүйнөлүк жаран болгон.
Көркөм сөздүн улуу чебери жана Дүйнөлүк адам азыр арабызда жок болсо да адамзат анын даанышмандыгын, сабырдуулугун сезип турат. Чыңгыз Айтматов биздин эсибизде дайым улуу жазуучу, интеллигент жана гуманист катары кала берет.
Көргөзмө 5 бөлүмдөн турат:
1.Айтматов ааламы
2.Айтматов-кылымдын улуу Рух феномени
3.Ч.Айтматов-коомдук ишмер
4.Ч.Айтматовдун чыгармалары кинодо жана поэзияда
5.Котормолору
Дареги: Бишкек, Ю. Абдрахманов көч, 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.”Ч.Айтматов атындагы адабият борбору”. 2014-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Чынгыз Айтматов атындагы адабият борборунда ХХ кылымдын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук адабият күнүнө арналып, “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу китеп сүрөт көргөзмөсү коюлду.
Айтматов Чыңгыз Төрөкулович 1928-жыл 12-декабрда Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган.
1946-жылы Жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
Ч.Айтматов “Тоолор жана талаалар повесттери”(орус тилинде) китеби үчүн 1963-жылы Лениндик сыйлыктын лауреаты болгон.”Гүлсарат” повести, “Ак кеме”кинофильминин сценарийи, “Кылым карытаар бир күн” романы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1968,1977,1983), ал эми “Эрте келген турналар” (1976-ж.)повести Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы менен белгиленген.
1968-жылы Кыргыз эл жазуучусу, 1974-жылы УИАнын академиги, 1979-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры, 1983-жылы Европа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын академиги (Стокгольм), Азия жана Африка өлкөлөрүнүн биримдүүлүк комитетинин төрагасынын орунбасары, 1986-жылдан Ысык-Көл форумунун президенти, Австрия, Австралия, АКШ, Индия, Түркия, Япония, Россия ж.б. өлкөлөрдүн эл аралык адабий сыйлыктарынын лауреаты болгон.
Ч.Айтматовдун чыгармалары176 тилге которулган. Анын ичинен көргөзмөдө 49 тилге которулган чыгармалары турат.
Жазуучунун гуманизми жана адамгерчилиги, адамзатты сүйүүсү жана адамга болгон ишеними, жаркын таланты өзүнө карата койгон бийик талаптары жана эмгекчилиги менен айкалышып Ч.Айтматовдун чыгармаларын бүткүл дүйнөгө таанымал кылды жана дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн катарына кошту.
Айтматовдун прозасынын адабий дүйнөсү-бул өлбөс-өчпөс, нукура элдик мүнөздөрдүн жана образдардын, көкөй кескен турмуштук кырдаалдардын, турмуштун кенен жана таң каларлык урунттуу учурларынын дүйнөсү. Айтматовдун адабиятында элдик оозеки чыгармачылык жана фольклор элдүүлүктүн жандуу булактарынын бири болуп кызмат кылат.Айтматов көркөм сөздүн чыгаан жаратманы эле эмес, ал баарыдан мурда Дүйнөлүк масштабдагы адам. Ал таланттуу публицист, дипломат, гуманист, философ, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер жана Дүйнөлүк жаран болгон.
Көркөм сөздүн улуу чебери жана Дүйнөлүк адам азыр арабызда жок болсо да адамзат анын даанышмандыгын, сабырдуулугун сезип турат. Чыңгыз Айтматов биздин эсибизде дайым улуу жазуучу, интеллигент жана гуманист катары кала берет.
Көргөзмө 5 бөлүмдөн турат:
1.Айтматов ааламы
2.Айтматов-кылымдын улуу Рух феномени
3.Ч.Айтматов-коомдук ишмер
4.Ч.Айтматовдун чыгармалары кинодо жана поэзияда
5.Котормолору
Дареги: Бишкек, Ю. Абдрахманов көч, 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.”Ч.Айтматов атындагы адабият борбору”.