Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Ала-Тоодон ааламга Їн салган Айтматов”

12 Июн 2013
2013-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу китеп сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.
Чыңгыз Айтматовдун ысмы бардык Кыргызстандыктарда улуттук сыймыктанууну жана аздектөөнү жаратат, анткени анын улуу таланты Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытты, кыргыз элинин жашоо-турмушун жана бай тарыхын ачып көрсөттү. Жазуучу өзүнүн сөзү, акылы, таң каларлык таланты жана даңазалуу өмүр жолу менен кылымдын руханий феномени, адамзат менен адамдын акыл-эсинин гармониясынын туу чокусу болуп эсептелет.
Жазуучунун гуманизми жана адамгерчилиги, адамзатты сүйүүсү жана адамга болгон ишеними, жаркын таланты өзүнө карата койгон бийик талаптары жана эмгекчилдиги менен айкалышып Ч.Айтматовдун чыгармаларын бүткүл дүйнөгө таанымал кылды жана дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн катарына кошту.
Айтматовдун прозасынын адабий дүйнөсү — бул өлбөс-өчпөс, нукура элдик мүнөздөрдүн жана образдардын, көкөй кескен турмуштук кырдаалдардын, турмуштун кенен жана таң каларлык урунттуу учурларынын дуйнөсү. Айтматовдун адабиятында элдик оозеки чыгармачылык жана фольклор элдүүлүктүн жандуу булактарынын бири болуп кызмат кылат. Сүрөтчүлөр жана акындар, режиссерлор жана искусство изилдөөчүлөр Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларынан эргүү алышып, андан ар кыл муундагы жана жаш курактагы адамдар даанышман ойлорду табышат.
Айтматов көркөм сөздүн чыгаан жаратманы эле эмес, ал баарыдан мурда Дүйнөлүк масштабдагы адам. Ал талантуу публицист, дипломат, гуманист, философ, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер жана Дүйнөлүк жаран болгон.
Көркөм сөздүн уулу чебери жана Дүйнөлүк адам азыр арабызда жок болсо да адамзат анын даанышмандыгынын, сабырдуулугунун, өткөрө берет. Чыңгыз Айтматов биздин эсибизде ар дайым улуу жазуучу, интеллигент жана гуманист катары кала берет.
Көргөзмө Ч.Айтматов атындагы адабий борбордо жайгаштырылып, китептер, газета-журналдык публикациялар, интервьюлар, ой-пикирлер, жазуучу жөнүндөгү цитаталар жана көптөгөн материалдар орун алган.
Улуу жазуучуну эскерүү күнүнө коомдук жана маданий ишмерлери жана талантын баалоочулар, студенттер катышышты.

Дареги: Бишкек ш. Ж. Абдрахманов көчөсү 208, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел. 30-50-57 30-52-32