Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Алгачкы кыргыз тилин изилдййчЇ-тЇрколог

17 Окт 2016
2016-жылдын 14-октябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө кыргыз тил илиминдеги көрүнүктүү тилчи, түрколог Игорь Алексеевич Батмановдун 110 жылдыгына карата “Алгачкы кыргыз тилин изилдөөчү-түрколог” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Игорь Алексеевич Батманов 1906-жылы 28-октябрда Украина Республикасынын Луцк шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз ССРинин эмгек синирген ишмери, Украина Республикасынын Илимдер Академиясынын алдындагы чыгыштаануу илимдер ассоциация курсунун түрк бөлүмүн бүтүргөн. 1954-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын институтунун директору. В.Маяковский атындагы кыз-келиндер пед.институтунда кафедра башчысы, 1959-жылдан Кыргыз ССР ИАнын тил жана адабият институтунун түркология бөлүмүн башкарган. Илимий иштери негизинен кыргыз тилине арналган: “Кыргыз тилинин элементардык грамматикасы”, (1932,1933, орус, кыргыз тилдеринде), “Кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрү”, “Кыргыз тилинин түндүк диалектилери” (үч бөлүктөн, 1938-жыл), “Кыргыз тилинин грамматикасы” (үч бөлүктөн, 1939-40), “Кыргыз тилинде синтаксистик мамилелерди билдирүүнүн ыкмалары” (орус тилинде, 1940), “Кыргыз тилинин фонетикалык системасы” (1946), “Кыргыз тилинин өнүгүү жолдору жана түзүлүш булактары”(1947), “Кыргыз тилинин калыптаныш маселелери ” (1952), “Азыркы кыргыз тили” (1963 орус тилинде). Батманов өмүрүнүн акыркы мезгилин байыркы түрк, рун жазма эстеликтерин изилдөөгө арнаган. Ушул маселе боюнча орус тилинде жарык көргөн бир нече эмгектери бар: “Байыркы түрк жазмасынын енисей эстеликтеринин тили”(1959), “Азыркы жана байыркы Енисей” (үч бөлүктөн , 1962). Ал кыргыз тилинин теория жана практикалык маселелери, диалектологиясы жана тарыхы, түркология жаатында салмактуу изилдөөөрдү жаратуу менен мыкты педагог, тажрыйбалуу уюштургуч болгон. Кыргыз кадрларын даярдоо боюнча чоң эмгек сиңирген . Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө, алар жөнүндө “Кыргызстандын эпиграфикасы ” деген серия-китептерди чыгаруу идеясы да Батмановго тиешелүү. Бүгүн Кыргызстанда эпиграфика илимине негиз салынып жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Батманов Эмгек Кызыл Туу “Ардак белгиси” ордендери менен сыйланган.

Китеп көргөзмөдө И.А. Батмановдун басып өткөн жолу боюнча материалдары жана белгилү китептери коюлду.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч. 208

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел: 30-50-57