Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Алоолоп желбиреген кызыл желек — Атабыз эр Манастан келген белек”

“Алоолоп желбиреген кызыл желек — Атабыз эр Манастан келген белек”
03 Мар 2026

А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү 3-март — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнүнө карата “Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан келген белек” аттуу китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмөгө жаңы кабыл алынган желегибиз, тарыхый китептер жана гезит-журналга чыккан макалалар жайгаштырылды

     Эске сала кетсек, 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен мамлекеттик туубуз бекитилген. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж. Матаев жана М.Сыдыков.
30 жылдан кийин желегибиздин күн нурунун толкун сымал формасы түптүз болуп өзгөртүлгөн. Тагырагы, Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алып, ал президент Садыр Жапаров тарабынан 22-декабрда бекитилген.