Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АЛП АКЫН АЛЫКУЛГА ТААЗИМ

АЛП АКЫН АЛЫКУЛГА ТААЗИМ
15 Дек 2023

2023-жылдын 15-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Алыкул Осмоновго арналган “Алп акын Алыкулга таазим” аттуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын коноктору Алыкул Осмонов музейинин координатору, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын эки жолку лауреаты Памирбек Казыбаев, Токмок шаарындагы “Алыкул Осмонов” атындагы музейдин координатору Болотбек Сатыгулов, Жазуучулар союзунун мүчөсү, маданият таануу илиминин кандидаты, Алыкул таануучу Шаршенбай Ажыбеков агайларыбыз катышып, жакшы ойлору менен бөлүшүп, угуучулардын жан дүйнөсүн кубантып, көкүрөгүн байытышты жана ошондой эле Улуттук китепкананын кызматкерлери менен бирге Алыкул Осмоновдун айкелине гул коюшуп, эскерүү менен аяктады.