Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Алыкул акындын аты йчпййт

14 Дек 2016
9-декабрында Улуттук китепкананын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүнүн окуу залында Улуттук адабият жумалыгынын алкагында кыргыз поэзиясынын классик акыны Алыкул Осмоновду эскерүүгө арналган “Алыкул акындын аты өчпөйт” аттуу тегерек столу өткөрүлдү.
“Алыкул акындын аты өчпөйт” аттуу тегерек столдо кыргыздын белгилүү акын-жазуучусу Жыпар Исабаеванын “Алыкулду сүйгөн кыз” аттуу повестинин тегерегинде талкуу, пикир алмашуу жүргүзүлдү. Бул чыгарма эки жолу басылып чыкканына карабастан (2004; 2015) табылбаган китептердин катарына кирип калды.
Тегерек столдун сый коноктору Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкка татыган кыз-келиндерден чыккан ардактуу лауреаттар – Гүлсайра Момунова, Бактыгүл Чотурова, Бурул Калчабаева, Жыпар Исабаевалар чыгарманын жазылышы, стили, кызыктуу факттар жөнүндө айтып беришти.
Иш-чаранын катышуучулары да алп акындын чыгармачылыгын туу туткан гана окурмандар – мектептердин кыргыз адабияты мугалимдери, китепкананын жооптуу кызматкерлери, ар кандай мектептин таланттуу окуучулары, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.