Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Алыкул – Ата Журттун акыны»

«Алыкул – Ата Журттун акыны»
30 Сен 2025

2025-жылдын 30-сентябрында кыргыздын классик акыны, котормочу, драматург Алыкул Осмоновдун 110 жылдык мааракесине карата уюштурулган «Алыкул – Ата-Журттун акыны» деген аталыштагы Эл аралык поэзия майрамынын кезектеги бөлүгү улуу акындын атын алып жүргөн Улуттук китепканада өттү.

Поэзия майрамы акындын эстелигине гүл коюу менен башталып, андан соң Улуттук китепкананын биринчи кабатында уюштурулган Манас эпосуна, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго, улуу акыныбыз Алыкул Осмоновго арналган сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун эмгектери, китептер коюлган көргөзмө менен таанышуу болду.

 

Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө Улуттук китепкананын Ч. Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борборунун чоң залында «Алыкул Осмонов – улуттук рух, адамзаттык мурас» деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы М. Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Түркиянын Элазыг шаарынын губернатору Нуман Хатибоглу, Элазыг шаарынын мэри Шахин Шерифогуллари, Түркиянын Фырат университетинин профессор, окутуучулары, Москва шаарындагы заманбап маданияттын интернационалдык Академиясынын президенти Н.Г. Копейкина, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, ф.и.д., профессор, академик Советбек Байгазиев, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, ф.и.д., профессор Осмонакун Ибраимов, Кыргыз эл жазуучусу, окумуштуу Сулайман Рысбаев, казак элинин өкүлү, «Болот медиа» мекемесинин директору Болот Батыр, өзбек элинин акын, жазуучусу Рисалат Хайдарова, азербайжан элинин өкүлү, белгилүү Манас, Алыкул изилдөөчү Адиль Жамиль, ж.б. көптөгөн коомдук ишмерлер, жазуучулар, акындар, Алыкул таануучулар, изилдөөчүлөр, ошондой эле Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россиядан, Эл аралык Түрксой уюмунан меймандар катышкан бул иш-чарада акындын өмүрү, чыгармачылыгы, дүйнөлүк адабияттагы орду тууралуу айтылды.

Конференциянын жүрүшүндө «Алыкул Осмоновдун көркөм маданияттагы орду жана ролу» (С. Байгазиев), «Алыкул Осмоновдун сүйүү темасы – улуттук турмуш философиясы» (О. Ибраимов) деген темада баяндама жасалды.

Ошондой эле Манас театрынын жана түрк өнөрпоздору өз өнөрлөрүн тартуулашты.