Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында музейинин салтанаттуу ачылышы

27 Окт 2015
2015-жылдын 28-октябрында саат 11де Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыз элинин залкар акыны Алыкул Осмоновдун музейинин салтанаттуу ачылышы болот.
Музейдин ачылышына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонду” жана КР Улуттук китепканасы түздөн түз колдоо көрсөтүштү.
Иш чаранын алкагында Улуттук китепкана тарабынан даярдалган “Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт!” аттуу кыргыз жана орус тилинде даярдалган библиографиялык энциклопедиянын бет ачары өтөт.
Жаңы музейдин ачылышы – кайсы өлкөдө болсо да маданий турмуштагы маанилүү окуя. Ал эми өз элинин нукура акыны, өз жеринин патриоту, көркөм сөздүн чеберине арналган музейдин ачылышы андан бетер маанилүү.
А.Осмоновдун чыгармалары Кыргыз адабиятынын алтын фондуна кирген. А.Осмоновдун музейи акындын чыгармачылык мурастарын сактоого жана жайылтууга арналган.
Музейдин экспозициясы А.Осмоновдун, 1937-жылы латын тамга менен басылган чыгармаларынан (К.Чуковскийдин, С.Маршактын, И.Крыловдун чыгармаларынын котормолору) баштап азыркы мезгилге чейинки чыккан чыгармаларынан турат. Ошондой эле Алыкул Осмоновдун Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы, Чолпон-Ата шаарындагы музейлеринин, Бишкек шаарындагы үй музейинин макеттери, акындын өмүр жолун жана чыгармачылыгын чагылдырган фото документтер, кол жазмаларынын копиялары, А.Осмонов атындагы сыйлыктын Дипломунун үлгүсү жана төш белгиси ж.б. коюлган.
Иш-чарага КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын жана билим берүүнүн өкүлдөрү, акын-жазуучулар, жождордун студенттери, Алыкул Осмоновдун талантынын күйөрмандары катышышат.
Дареги: Бишкек ш., Ю.Абдрахманов көчөсү, 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, тел. 30-46-95