2024-жылдын 17-июлунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын директору Аскарова Айнура Алмасбековна менен китепкана жамаатынын таанышуу жыйыны болуп өттү. Жаңы жетекчи менен таанышуу алкагында китепкананын көйгөйлөрү жана орчундуу маселелери талкууланды. Ачык-айрым кырдаалында өткөн бул жыйында орчундуу ойлор айтылып, учурдагы жасалчу иштерди чечүүнүн жолдору жана башка китепканага тийиштүү маселелер талкууланды.