Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫНЫН АБАЙ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-КАЗАК БОРБОРУ

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫНЫН АБАЙ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-КАЗАК БОРБОРУ
18 Апр 2024

Кыргыз-казак достугун чыңдаган Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Абай атындагы кыргыз-казак борбору. Быйыл Казакстан казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбаевдин 179 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Казакстандын улуу акыны, философ-гуманисти, көркөм сөз өнөрүнүн чебери бир гана өз өлкөсүнө эле эмес, бүткүл түрк тилдүү мамлекеттер үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн орду чоң. “Кабар” агенттиги маданий очокко баш багып, борбор менен таанышты.
Белгилей кетсек, Абай атындагы кыргыз-казак маданий борбору 2020-жылдын 11-декабрында ачылган. Абай атындагы кыргыз-казак маданий борбору Кыргызстандын жана Казакстандын элдеринин ортосундагы маданий байланыштарын жана достугун чыңдоого, эки өлкөнүн илимий, маданий жана башка уюмдары менен өз ара пайдалуу кызматташууларын арттырууга багытталган. Мында конференция, маектешүү жана окуу залдары жайгашкан. Борбордо Абайдын кыргыз, казак, орус тилдериндеги кетептери жана башка китептер менен толукталып келет.