Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өзбек тили күнү белгиленди

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өзбек тили күнү белгиленди
24 Окт 2025

2025-жылдын 21-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өзбек тили күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Элчилиги жана Кыргызстандагы Өзбек улуттук-маданий борбору (ӨУМБ) биргелешип уюштурду.

 

 

 

 

Иш-чараны Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Саидикром Пархатович Ниязхожаев жана ӨУМБнын төрага орун басары, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, жазуучу Бегижан Махмудович Ахмедов ачты.
Иш-чарага маданий борбордун активисттери, интеллигенция өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышып, сүйлөгөндөр улуттук тилдин жаштарды тарбиялоодогу мааниси, дүйнө жүзүндө болжол менен 50 миллион адам өзбек тилинде сүйлөөрү, ал эми Кыргызстанда бул тилди үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнү тууралуу белгилешти. Ошондой эле өз эне тили менен бирге мамлекеттик кыргыз тилин да терең жана параллелдүү үйрөнүү зарылдыгы айтылды.
Иш-чаранын соңунда борбордун бир катар активисттерине Өзбекстан Элчилигинин Ардак грамоталары тапшырылды.