Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына Аттокуров Элдар Эртабылдыевич директор болуп дайындалды.
Аталган буйрукту жана жаңы дайындалган директорду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри М.К. Мамбеталиев китепкананын жамаатына тааныштырды. Ал эми мурдагы директор Аскарова Айнура Алмасбековна өз каалоосу менен кызматтан кеткенине байланыштуу ага жамаат менен биргеликте ийгилик каалап, жылуу узатышты.