Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган адабий кече Улуттук китепканада өттү

Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган адабий кече Улуттук китепканада өттү
12 Дек 2025

Алыкул Осмонов эл аралык фондунун жана уюштуруу комитетинин президенти Осмонов Бек Алтынбековичтин демилгеси менен 2025-жылдын 12-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында акындын 110 жылдык мааракесине арналган адабий кече уюштурулду.

     

Иш-чарага Улуттук китепкананын директору Аттокуров Элдар Эртабылдыевич жана белгилүү акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери жана окурмандар катышып, Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы, өмүр жолу жана адабияттагы орду боюнча баяндамалар окулду.

Мааракенин алкагында акындын мурасын даңазалоого салым кошкон бир катар катышуучулар «Алыкул Осмонов – 110 жыл» аталышындагы атайын төш белгилер менен сыйланышты.

Алыкул Осмоновдун поэзиясы кыргыз адабиятынын лирикалык багытын байытып, адамдык тазалыкты, сүйүүнү жана руханий баалуулуктарды даңазалоосу менен өзгөчөлөнөт.

Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы эл аралык фонд тарабынан колдоого алынып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.