2010-жылдын 30-мартында саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыз элинин улуу акыны, классиги, сыймыктанган инсаны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына байланыштуу «Унутсаң өзүмдү унут, бирок да, Унутпа менден алган ырларыңды…» аттуу поэзия кечеси жана китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот.
Кыргыз адабиятынын классиги, акын Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Кыргыз Республикасынын азыркы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында төрөлгөн.
Ата-энесинен эрте ажырагандыктан беш жашынан Пишпек, андан кийин Токмок балдар үйүндө (1920-1929-ж.ж.) тарбияланат.
1936-жылга чейин «Чабуул» журналы менен «Ленинчил жаш» газетасынын редакцияларында иштеп, чыгармачылыкка багыт алат. 1930-жылы басма сөзгө эң биринчи ыры жарыяланса, 1935-жылы «Таңдагы ырлар» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы чыккан. Чыгармачылыгынын урунттуу учурун айгинелеген «Махабат» жыйнагы (1945-ж.) жана өмүрүнүн акыркы беш жылында жарык көргөн «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан», «Балдар үчүн», «Менин жерим – ырдын жери», «Жаңы ырлар» ж.б. ырлар жыйнактары кыргыз поэзиясынын көркөмдүк-эстетикалык деңгээлин жаңы бийиктикке көтөргөн.
А. Осмонов таланттуу котормочу да. Грузин акыны Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» дастаны кыргыз тилинде алты ирет басылышы адабияттагы өзгөчө окуя. Ага Пушкиндин «Евгений Онегин» романы, У. Шекспирдин «Отелло», «Он экинчи түн» трагедиясы, И. А. Крыловдун тамсилдери, Ш. Перронун жомоктору, К. Чуковскийдин «Федориканын шору» котормолору да таандык.
Республикалык Ленин комсомолунун №1 эң алгачкы сыйлыгы А. Осмоновго ыйгарылган. Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп, Тоо чокусу, бир кеме «Алыкул» наамында.
А. Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан.
Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги «Дүйнөлүк акындар» альманахына кирген. Анын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкултаануу багыты улам кеңири кулач жаюуда.
А. Осмонов жөнүндөгү көргөзмөнүн экспозицияларында китептер, газеталык, журналдык макалалар ал тууралуу чагылдырылат.
Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акындар, жазуучулар, илим кызматкерлери, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ж.б. таланттын окурмандары катышышат.