Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

америкалык жана англиялык акын, драматург жана адабий сынчы Томас Стернс Элиоттун 135 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулду.

америкалык жана англиялык акын, драматург жана адабий сынчы Томас Стернс Элиоттун 135 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулду.
26 Сен 2023

26-сентябрь, 2023-жылы америкалык жана англиялык акын, драматург жана адабий сынчы Томас Стернс Элиоттун 135 жылдыгына карата А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында чет тил адабияты бөлүмүнүн, англис адабияты залында көргөзмө уюштурулду.
Томас Элиоттун акын катары дебюту 1915-жылы Чикагодогу “Поэзия”журналында ырларын басып чыгаргандан кийин болгон. Биринчи ырлар жыйнагы 1917-жылы басылып чыккан жана “Пруфрок жана башка байкоолор”деп аталган.1948-жылы Нобель сыйлыгын алган.
Дүйнөлүк атак-даңк Элиотту 1922-жылы “Какыраган жер”поэмасы жарык көргөндөн кийин күткөн. Өмүрүнүн аягына чейин, 1952-жылдан баштап, Томас Стренс Элиот Лондон китепканасынын директору болуп эмгектенген. Ал эми акын 76 жаш курагында көз жумган.