Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Анкарада китеп жарманкеси өтүүдө

Анкарада китеп жарманкеси өтүүдө
10 Апр 2026

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен 23-Анкара китеп жарманкеси Түркия мамлекетинин Анкара шаарында салтанаттуу ачылды.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директорунун орун басары Рыскүл Жумакадыр кызы, Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Түрк жазуучулар союзунун төрагасы Муса Казым Арыжан катышты.

Жарманкенин жүрүшүндө китептердин бет ачары болуп, авторлор менен жолугушуу өткөрүлдү. Тематикалык талкууларда мындай иш-чара мындан ары да эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого жана кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга өбөлгө түзөрү айтылды.

Белгилей кетсек, жарманке 2026-жылдын 3-апрелинде башталган, 13-апрелде аяктайт.