Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“…Ар-намыс учун тик турган, Аксынын менмин кулуну…”

25 Янв 2018
2018-жылдын 26-январында саат 11.00 дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жазуучу, акын, публицист жана котормочу Ильгиз Гилязетдиновдун 80 жылдыгына арналган
“…Ар-намыс үчүн тик турган,
Аксынын менмин кулуну…”

аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жолугушуу кечеси өткөрүлөт.
Жазуучу, лирик, сатирик акын, прозаик, публицист, котормочу И. Гилязетдинов 1938-жылы 1-январда Аксы (Жаңы-Жол) районуна караштуу Ак-Суу айылында туулган.
Орто мектепти аяктагаи соң, Аксы райопкомунда бөлүм башчы болуп иштеп, 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн.
Ал эмгек жолун 1961-жылы Кыргыз Республикасынын радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде 1971-жылга чейин иштеп баштаган. Жаштар адабий-музыкалык берүүлөр редакцияларында редактор, улук редактор, башкы редактордун орун басары болуп үзүрлүү иштеген.
1971-1982-жылдары “Кыргызстан маданияты” газетасында жооптуу катчы, 1983-1991-жылдарда “Чалкан” сатиралык журналында башкы редактордун орун басары, 1991-1999-жылдары Өкмөттүк жана парламенттик “Эркин-Тоо” газетасында башкы редактордун биринчи орун басары, башкы баяндамачылык милдетти аткарган.
Анын алгачкы адабий чыгармачылыгы мектепте 6-класста окуп жургөн мезгилинде башталып, чыгармалары республикалык, областтык, райондук газеталарга жарыяланган. Студент кезинде айрым бир аңгеме-ырлары мезгилдүү басма сөз беттерине жана “Тартуу”, “Жалын” аттуу жыйнактарга басылган.
Жазуучу котормо жаатында да жигердүү эмгектенип А. Кунанбаевдин “Накыл сөздөрүн”, А. И. Буниндин “Кыштак”, С. Маршактын “Мунар-мунарча”, Софоклдин “Антигона”, Н. Басовдун “Жолборс баяны”, Р. Мустафиндин “Абышка менен ажал”, Г. Губайдын “Маякчынын кызы” аттуу аңгеме-повесттерин, драмаларын которгон.
Орус классиктери А. Чеховдун, Л. Толстойдун жана башка боордош элдердин акын- жазуучулары М. Жалилдин, М. Танктын, Р. Гамзатовдук, К. Кулиевдин, М. Каримдин, Ж. Икраминдин, Р. Кутуйдун, Н. Хубиевдин, И. Рустамбековдун, Ч. Ашировдун, Ф. Исангуловдун, Д. Буляковдун, Я Шивазанын, С.Сияевдин жана башка акын-жазуучулардын ырларын, прозалык чыгармаларын которуп кыргыз окурмандарына тартуулаган.
И. Гилязетдинов татар элинин “Эдигей”, хакастардын “Маадай кара” аттуу эпосторунун айрым бир главаларын жана бир нече фильмдерди да кыргызчалаган.
Акындын “Жүрөктү кетпе жаралап”, “Өчүрбөчү сүйүү жалынын”, “Өзүңдү эстеп”, “Жүрөгүм согот кайталап” деген ырларына кыргыздын белгилүү композиторлору, обончулары обон жаратышып, радионун алтын фондусуна жазылып калган.
Акындын бир катар чыгармалары орус, казак, татар, өзбек тилдерине да которулган.
Жазуучу-акын 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамына татыктуу болуп, Эмгектеги каармандыгы, Эмгек ардагери медалдары менен сыйланган.
СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер союздарынын мүчөсү.
“Ардакгуу адам”, “Кулунчак”, “Сиздин таанышыңыз эмеспи”, “Шапата”, “Ырларымда жан сырым”, “Мекендин чыныгы уулу”, “Кыргыздын баш багбаны”, “Күрдөөл” аттуу ыр жыйнактар автордун калемине таандык.
Көргөзмөдө И.Гилязетдиновдун китептери, газета-журналдык публикациялар, фотодокументтер, ал жөнүндө жазылган макалалар орун алган.
Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар, ЖОЖдордун студенттери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жердештери катышышат.

Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
Тел.: 30-47-04