Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Ардактуу академик Кусеин Карасаевдин 110 жылдыгына арналган эскерЇЇ кечеси

12 Сен 2011
2011-жылдын 9-сентябрында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басылмалар залында атактуу түрколог, ардактуу академик Кусеин Карасаевдин 110 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү кечеси жана
«…Алладан тилегеним үчөө гана:
Биринчи-ден соолукта эсенчилик
Экинчи-берекелүү кененчилик
Үчүнчү-жалпы элиме бейпилчилик…» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмөгө туңгуч лексикограф жана лексиколог, окумуштуу, профессор Кусеин Карасаевдин алгачкы эмгектери, китептери, К. Карасаевдин эмгектери боюнча жазылган илимий макалалар, газеталык статьялар, публикациялар, ал жөнүндө жазылган илимий макалалар, эскерүүлөр, сыйлыктары грамоталары шкафтарга жайгаштырылды. Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. К. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү ачып, Кусеин Карасаевдин басып өткөн жолу жөнүндө кеңири обзор жасап, төмөнкүлөргө токтолду.
К. Карасаев 1924-жылдан баштап кыргыз орфографиясы менен алпурушуп, орфографиялык сөздүктү түзүү ишин аткарып келген, илимпоз катары ал терминдердин эле эмес, сөздөрдүн да маанилерин чечмелеп берүүдө («Өздөштүрүлгөн сөздөр», «Камус наама», «Накыл сөздөр») чоң иш аткарган.
К. Карасаевдин кыргыз фольклористикасы менен адабият таануусунун, котормо теориясынын телчишине да сиңирген эмгеги зор. Элдик оозеки чыгармаларын жыйноо ишине да чоң салым кошкон. «Семетей» баш болгон жомок-дастандарды жыйнап, Тоголок Молдонун чыгармаларын фондуга салса, Саякбай Каралаевден «Манасты» жазып алуу иштерин уюштурган. Андан тышкары дагы М. Горькийдин, А. Радищевдин, Р. Тагордун, Л. Крючковскийдин жана башкалардын чыгармаларын которгон деп баса белгиледи. Сөз К. Карасаевдин жубайы А. Карасаевага берилип, ал К. Карасаевдин канча алааматтардан аман калып, саясий куугунтуктоолорго туруштук берип, бардык кыйынчылыктарды муюбаган кайраты, тунук акылы менен жеңгендигин, кыргыз эли үчүн абдан чоң эмгек калтырганын баса белгиледи.
Коомдук ишмер Ж. Каниметов К. Карасаев кыргыз эли үчұн абдан чоң эмгек өтқгөргөндүгүн, кылымга тете өмүр сүргөндүгүн, Улуттук университетинин ректору И. Исамидинов Кусеин агайдын сөзгө чечендиги, өзүнө тартып сүйлөгөндүгү, К. Карасаевден, З.Бектеновдон, Б.Юнусалиевден окуганыма сыймыктанамын, Кыргыз Эл жазуучулары Мар Байжиев, Кенеш Жусупов, К. Акматов, УТРКнын орун басары К. Иманалиев К. Карасаевдин XX кылымдын тарыхында унутулгус инсан, ораторлук чеберчилиги, чечендиги өтө жогору экендигин, ошондой эле сөз кадырын, улуулугун билгендигине токтолушуп, кыргыз эли үчүн баа жеткис эмгек калтыргандыгын эскеришти.
Акын Тенти Орокчиев К. Карасаевге арнап чыгарган ырынан көркөм чеберчиликте окуп берди. Жыйынтыктоочу сөз Түп районунун акиминин орун басары Э. Д. Айтиевге берилип, ал Улуттук китепкананын жетекчилигине, келген конокторго жердештеринин атынан терең ыраазычылыгын билдирип өттү. Окумуштуу К. Карасаевдин илимге сиңирген иштери жогору бааланып, 1992-жылы К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган, ошол эле жылы «Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери», Кыргыз Илимдер Академиясынын Ардактуу академиги деген наамдар берилген. 1997-жылы I даражадагы «Манас» ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган.
Анын ысмы Бишкек гуманитардык университетине, Каракол шаарынын бир көчөсүнө жана Кыргыз-Түрк колледжине, айыл өкмөтүнүн атына коюлган.
Көргөзмө негизги бир бөлүктөн турат:
Кусеин Карасаев – улуу инсан, залкар агартуучу, орошон окумуштуу, атактуу түрколог жана ардактуу академик.
Көргөзмөгө мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданий жана илимий кызматкелер, акын-жазуучулар, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, К. Карасаевдин туугандары, жердештери катышышты.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}